БЕКБОЛОТОВА Айгүл: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Dilde moved page БЕКБОЛОТОВА to БЕКБОЛОТОВА Айгүл) |
(Айырма жок)
|
07:58, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕКБОЛОТОВА Айгүл (17. 6. 1954, Ысык-Көл облусу, Түп району, Күрмөнтү кыштагы) – эколог, биология илимдеринин доктору (2003). Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтун бүтүргөн (1976). КР УИАнын бийик тоолуу физиологиялык ж-а эксперименттик патология институтунда кенже илимий кызматкер (1976). 1994–97-жылдарда тоолуу шартта адамдын ж-а жаныбарлардын миграциясынын медициналык-биологиялык проблемалары боюнча эл аралык лабораторияда илимий кызматкер, ошол эле учурда КМКТАУда окутуучу, 1998–2002-жылдарда эксперименттик патофизиология лабораториясында илимий кызматкер, 2002–03-жылдарда лабораториянын жетекчиси, 2003-жылдан И. Арабаев атындагы КМУда кафедра башчысы. 80ден ашык илимий эмгектин автору. Илимий эмгектери негизинен бийик тоо, түрдүү экологиялык стресс шарттарында ж-а нормалдуу учурда кан тамырлардын ички беттеринин, ошондой эле гемостаздын ыңгайлануу функциясынын маңызын ачып көрсөтүүгө арналган.
Эмг.: Стрессоустойчивость организма в условиях гор. Б., 1998.