БЕНГАЗИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕНГА́ЗИ''' – Ливиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Бенгази провинциясынын административдик борбору. Калкы | '''БЕНГА́ЗИ''' – Ливиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Бенгази провинциясынын административдик борбору. Калкы 859 миң (2024); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар (Триполиден кийин). Бенгази аркы­луу Триполи–Тобрук автомобиль жолу өтөт. Же­р ортолук деңиздин Сидра булуңундагы порт. Эл аралык аэропорту бар. Бенгазинин ордунда б. з. ч. 7–5-кылымдар ченде байыркы грек колониясы Эуэс­перида негизделген. Б. з. ч. 4-кылымда шаар Берени­ке (Египет фараону Птолемей IIIнүн аялынын урматына) аталып, Киренаика провинциясы­нын борбору болгон. 15-кылымда мусулман Бен Га­зинин (Сиди Газа) ысымынан аталган. 1517– 1911-жылдарда Осмон империясынын курамында. 1912–42-жылдарда Италиянын аскер-деңиз базасы. 1942–51-жылдарда Англия оккупациялаган. Ливия көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин 1951–70-жылдарда Ливия королдугунун борборлорунун бири. Университет (1955), университеттин китепканасы, музей, театр иш­тейт. Соода борбору (дан эгиндери, курма, зай­тун, жүн, үй жаныбарлары). Нефть ажыратуу, тамак-аш (анын ичинде пиво кайнатуу), текстиль, бул­гаары, цемент өнөр жайлары бар. Дүйнөдөгү эң ири деңиз суусун тузсуздандыруучу завод иштейт. Былпылдактар, тунец ж. б. балыктар карма­лат. Туз казылып алынып, шаардын чет-жака­сында иштетилет. ЖЭС курулган. Бенгазинин чет ­жакасында Беренике шаарынын байыркы калдык­тары, эллада ж-а рим мезгилинин аска бетин­деги күмбөздөрү, Адриана акведугу (117–138-жылдар чен) сакталган. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
04:08, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕНГА́ЗИ – Ливиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Бенгази провинциясынын административдик борбору. Калкы 859 миң (2024); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар (Триполиден кийин). Бенгази аркылуу Триполи–Тобрук автомобиль жолу өтөт. Жер ортолук деңиздин Сидра булуңундагы порт. Эл аралык аэропорту бар. Бенгазинин ордунда б. з. ч. 7–5-кылымдар ченде байыркы грек колониясы Эуэсперида негизделген. Б. з. ч. 4-кылымда шаар Беренике (Египет фараону Птолемей IIIнүн аялынын урматына) аталып, Киренаика провинциясынын борбору болгон. 15-кылымда мусулман Бен Газинин (Сиди Газа) ысымынан аталган. 1517– 1911-жылдарда Осмон империясынын курамында. 1912–42-жылдарда Италиянын аскер-деңиз базасы. 1942–51-жылдарда Англия оккупациялаган. Ливия көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин 1951–70-жылдарда Ливия королдугунун борборлорунун бири. Университет (1955), университеттин китепканасы, музей, театр иштейт. Соода борбору (дан эгиндери, курма, зайтун, жүн, үй жаныбарлары). Нефть ажыратуу, тамак-аш (анын ичинде пиво кайнатуу), текстиль, булгаары, цемент өнөр жайлары бар. Дүйнөдөгү эң ири деңиз суусун тузсуздандыруучу завод иштейт. Былпылдактар, тунец ж. б. балыктар кармалат. Туз казылып алынып, шаардын чет-жакасында иштетилет. ЖЭС курулган. Бенгазинин чет жакасында Беренике шаарынын байыркы калдыктары, эллада ж-а рим мезгилинин аска бетиндеги күмбөздөрү, Адриана акведугу (117–138-жылдар чен) сакталган.