БЕНИН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БЕНИ́Н''' , Б е н и н Р е с п у б л и к а с ы (1975-ж.
'''БЕНИ&#769;Н''' , Б е н и н Р е с п у б л и к а с ы (1975-жылга чейин Дагомея) – Батыш Африкадагы мамле&shy;кет. Түндүгүнөн Нигер, түндүк-батышынан Бурки&shy;на-Фасо, чыгышынан Нигерия, батышынан Того мамлекеттери м-н чектешет. Түштүгүн Гвинея булуңу чулгайт. Аянты 112,6 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 7,3 млн (2005). Расмий тили – француз тили. Борбору – Порто-Ново шаары. Административдик-аймактык жактан 12
дун эң жөнөкөй өкүлү. Мүнөздүү жыты бар, тез буулануучу түссүз суюктук, эрүү t 5,5°C, кайноо t 80,1°C. Анын буусу белгилүү өлчөмдө аба м-н аралашса жарылуу пайда болот. Бензин, эфир сыяктуу орг. эриткичтер м-н жакшы аралашат. Май, каучук, нефть заттарын, лактарды, поли&shy;мерлерди жакшы эритет. Б-ду 1825-ж. М. Фа&shy;радей ачкан. 1833-ж. Э. Мичерлих бензой к-тасынын кальций тузун кургак буулантуудан таза түрүндө бөлүп алган. 1865-ж. Кекуле 6 мүчөлүү циклдүү формуласын сунуш кылган:
чейин Дагомея) – Батыш Африкадагы мамле&shy;кет. Түндүгүнөн Нигер, түн.-батышынан Бурки&shy;на-Фасо, чыгышынан Нигерия, батышынан Того мамлекеттери м-н чектешет. Түштүгүн Гвинея булуңу чулгайт. Аянты 112,6 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 7,3 млн (2005). Расмий тили – француз тили. Борбору – Порто-Ново ш. Адм.-айм. жактан 12




35 сап: 33 сап:


Ад.: ''Бернар'' О. Северная Африка. М., 1949; ''Ольде&shy;рогге Д. А.'' Искусство народов Западной Африки в музеях СССР. Л.; М., 1958; ''Субботин В. А.'' Колонии Франции в 1870–1918 гг. М., 1973. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
Ад.: ''Бернар'' О. Северная Африка. М., 1949; ''Ольде&shy;рогге Д. А.'' Искусство народов Западной Африки в музеях СССР. Л.; М., 1958; ''Субботин В. А.'' Колонии Франции в 1870–1918 гг. М., 1973. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]

09:55, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕНИ́Н , Б е н и н Р е с п у б л и к а с ы (1975-жылга чейин Дагомея) – Батыш Африкадагы мамле­кет. Түндүгүнөн Нигер, түндүк-батышынан Бурки­на-Фасо, чыгышынан Нигерия, батышынан Того мамлекеттери м-н чектешет. Түштүгүн Гвинея булуңу чулгайт. Аянты 112,6 миң км2. Калкы 7,3 млн (2005). Расмий тили – француз тили. Борбору – Порто-Ново шаары. Административдик-аймактык жактан 12


департаментке бөлүнөт. Б. – БУУнун, Африка союзунун, Батыш Африка экон. бирикмесинин, Жалпы африка-маврика уюмунун ж. б-дын мү­чөсү. Акча бирдиги – Батыш Африка валюта союзунун франкы. Б. – унитардык мамлекет. Конституциясы 2.12.1990-ж. кабыл алынган. Башкаруу форма­сы – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бий­лигинин жогорку органы – бир палаталуу Улут­тук чогулуш. Саясий партиялары: Бениндин

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)


келечеги үчүн союз, Өнүгүү ж-а прогресс үчүн Африка союзу, Бенин кайра жаралуу партия­сы, Демокр. кайра жаралуу партиясы.

Өлкөнүн түштүгү ойдуңдуу; түндүгүн бийикт. 500 мге жеткен плато, түн.-батышын Атакора тоосу (641 м, өлкөнүн эң бийик жери), түштүгүн деңиз бою ойдуңу ээлейт. Жээгинде булуң-буйт­калар аз, лагуналар арбын. Нигериянын чек­теш булуңда нефть чыгат; түндүгүндө темир ру­дасы, фосфорит кени, бир аз жез, калай, ал­тын, сейрек металлдар бар. Климаты ойдуңда­рында экватордук, жаанчыл, эки сезонго бөлү­нөт (биринчиси – март-июль айларында, экин­чиси – сентябрдын аягынан ноябрдын башына чейин). Түн. бөлүгүндө субэкватордук. Айлык орт. темп-расы 24–30°С. Жылдык жаан-чачы­ны 600–1000 мм. Башкы дарыялары: Веме, Нигер (чегара аркылуу агат). Кызыл, кызгылт сары латерит топурагы басымдуу. Көпчүлүк бөлүгүн бийик өскөн саванна, дарыя бойлорун ж-а түштүгүн дайыма жашыл, нымдуу (тропик) токой ээлейт. Б-де коргоого алынган 5 аймагы бар (жалпы аянты 1,2 млн га), а. и. Пенжари, Дубль-Ве улуттук парктары уюшулган. Калкынын көпчүлүгү нигер-кордофан тилин­де сүйлөгөндөр. Жарым чөлдүү аймактарда көчмөн фульбелер, шаарда европалыктар жа­шайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 65 киши. Салт болуп калган динди калктын 60%, калганы христиан (23%), ислам (15%) динин тутат. Калкынын жашынын орт. узак­тыгы: эркектериники – 50, аялдарыныкы – 51 жаш. Шаар калкы – 31%. Ири шаарлары: Ко­тону, Параку, Абомей-Калави. Ири порту – Ко­тону.

Азыркы Б-дин аймагын адамдар палеолит ж-а неолит доорунан эле мекендешкендиги бел­гилүү. 19-к-дын аягына чейин Б. Нигериянын түш. бөлүгүндө өзалдынча мамлекет катары жашаган. Бул мамлекеттин өнүккөн учуру 13– 17-к-га туш келет. Кийинчерээк ичара жаңжал­дардын натыйжасында кыйраган. 15-к-дын акыркы чейрегинде Б-дин аймагына европалык­тар (алгачкылардан болуп португалиялыктар) келе баштаган ж-а бул жерди кул сатуунун ири борборуна (ушундан улам Эрксиз жээк аталган) айландырган. Б. деп португалиялыктар жерг. бини элинин атынан улам аташкан деп бол­жолдонот. 17-к-да азыркы Б-дин аймагында Да­гомея мамлекети түзүлгөндүгү ж-дөгү алгачкы маа­лыматтарда эскерилет. 1890-ж. француз коло­низаторлору Дагомеяга каршы согуш баштап, 1892-ж. анын борбору Абомейди ээлешкен. 19- к-дын аягында Б. аймагын англ. колонизатор­лор ээлешип, Нигерия колониясынын карама­гына киргизишкен. 1904-ж. Б. Дагомея аталы­шы м-н Француздук Батыш Африканын кура­мына кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан ки­йин, 1946-ж. Б-ге «Француз Союзунун деңизде-

Саванадагы канна антилопалары.

ги алыскы департаменти» деген статус берил­ген. 1960-ж. 1-августта Б. Дагомея Респ. делип, көзкаранды эместигин жарыялаган ж-а 1-сен­тябрда БУУга кабыл алынган. 1960–62-ж. ара­лыгында өлкөдөгү ички абал турукташпай, 5 жолу аскердик төңкөрүш болуп, 10 жолу өкмөт алмашкан. 1972-ж. аскер адамдарынын тобунун жардамы м-н М. Керекунун Аскердик рев-ялык

өкмөтү бийликке келгенден кийин өлкөдөгү сая­сий кырдаал турукташа баштаган. 1975-жыл­дан өлкө Бенин Эл Респ., 1990-жылдын март айынан Бенин Респ. деп аталат. 1990-ж. декабр­да жаңы конституция кабыл алынган. [1991-ж. Д. Согло президент болуп шайланып, өлкөдө реформа жүргүзүү аракети калктын турмушун начарлатып, нааразычылыктарды пайда кыл­ган. 2001-ж. М. Кереку кайрадан президент бо­луп шайланган]. Б. – агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 8,3 млрд доллар (АКШ), аны киши башына бөлүштүр­гөндө 1200 доллардан (2004) туура келет. ИДП­деги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 49,4%, а. ч-ныкы 36,3%, өнөржайыныкы 14,3%. 1982-жылдан Гвинея булуңунда нефть, о. эле алтын (жылы­на 500 кг), акиташтеги, мрамор казылып алы­нат. Текстиль, тамак-аш өнөржайы, а. ч. про­дуктуларын кайра иштетүүчү ишканалары иш­тейт. Б. Африкадагы өзүн-өзү азык-түлүк м-н камсыз кылган өлкөлөрдүн бири. Айдоо аянты аймагынын 17%ин, жайыт 4%ин ээлейт. Негиз­ги а. ч. өсүмдүгү пахта (жылына 385–400 т жый­налат; экспорттон түшкөн кирешенин 80%ин түзөт). Кой, эчки, бодомал, чочко асыралат. Ба­лык кармалат. Деңиз продуктулары даярдалат

Бениндеги сваяларга курулган үйлөр.


(2003-ж. 50 миң т). Пахта, жержаңгак, май алы­нуучу пальма, кофе өстүрүлөт. Сыртка пахта, нефть продукциялары, пальма майы ж. б. про­дуктуларын чыгарып, сырттан химия ж-а оор машина жабдууларын, азык-түлүк, пахта була­сын, отун, транспорт жабдууларын, тамеки алат. 2002-ж. 285 млн кВт·с электр энергиясы өн­дүрүлгөн. Темиржолунун уз. 579 км, автомобиль жолунуку 6787 км (а. и. 1357 кми асфальттал­ган). Башкы порттору: Котону, Порто-Ново, Ве-

ме. Нигер д-нда кеме жүрөт. Беш аэропорту бар. Негизги соода шериктештери: Кытай, Гана, Таиланд, Индия. 1960-ж. чейин мектеп жашындагы балдардын 20% гана окууга тартылган. Жогорку окуу жайы болгон эмес. Кийин элге билим берүү тез өнүгө баштаган. Элге билим берүү системасы – 6 жыл­дык башталгыч мектеп, толук эмес орто мек­теп-коллеж (4 жыл) ж-а толук орто мектеп-ли­цей (7 жыл). Порто-Новодогу юрид. ин-ту (1962), Бенин ин-ту иштейт. Порто-Новодо улуттук китепкана, байыркы мамлекетинин борбору – Абомейде тарых музейи бар. Мамл. радиостан­циясы (Котону ш-нда) иштейт. Уктуруулар фран­цуз ж-а жерг. тилдерде жүргүзүлөт. Жерг. калк фольклорго бай. Анда Б-дин өткөндөгү турмушу чагылдырылат. Азыркы ад-ты француз тилин­де өнүгүүдө. Б-де байыртан көркөм колөнөрчүлүк өнүккөн. О. эле момго адамдын ж-а айбанат­тардын тулкусун түшүрүү, туу бетине, колчатыр­га, баш кийимдерге ачык өңдүү сайма саюу ке­ңири таралган. Жыгачка, пил сөөгүнө оймо-чий­ме салып, түрдүү буюмдарды жасашат. Б-дин азыркы театр өнөрүнүн негизин диний ырым­жырымдар коштогон, элдик ыр-бий, акробати­ка оюндары түзөт. Б-дин иск-восу 15–17-к-да коло айкелдерин (падыша айкелин таанымал адамдардын жандоосунда) жасоо м-н даңктал­ган. Барельефи (аскер, чиновик ж. б-дын), жи­вописи (согуш тартылган), сүрөттөрү (португал­дар курал м-н негрлерди атып жаткан сүрөттөрү; 15–16-к.) кеңири белгилүү.

Ад.: Бернар О. Северная Африка. М., 1949; Ольде­рогге Д. А. Искусство народов Западной Африки в музеях СССР. Л.; М., 1958; Субботин В. А. Колонии Франции в 1870–1918 гг. М., 1973.