БЕНИН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕНИ́Н''' , Б е н и н Р е с п у б л и к а с ы (1975-жылга чейин Дагомея) – Батыш Африкадагы мамле­кет. Түндүгүнөн Нигер, түндүк-батышынан Бурки­на-Фасо, чыгышынан Нигерия, батышынан Того мамлекеттери м-н чектешет. Түштүгүн Гвинея булуңу чулгайт. Аянты 112,6 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы | '''БЕНИ́Н''' , Б е н и н Р е с п у б л и к а с ы (1975-жылга чейин Дагомея) – Батыш Африкадагы мамле­кет. Түндүгүнөн Нигер, түндүк-батышынан Бурки­на-Фасо, чыгышынан Нигерия, батышынан Того мамлекеттери м-н чектешет. Түштүгүн Гвинея булуңу чулгайт. Аянты 112,6 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 14,1 млн (2023). Расмий тили – француз тили. Борбору – Порто-Ново шаары. Административдик-аймактык жактан 12 | ||
[[File:БЕНИН66.png | thumb | none]] | [[File:БЕНИН66.png | thumb | none]] | ||
департаментке бөлүнөт. | департаментке бөлүнөт. Бенин – БУУнун, Африка союзунун, Батыш Африка экономикалык бирикмесинин, Жалпы африка-маврика уюмунун ж. б. мү­чөсү. Акча бирдиги – Батыш Африка валюта союзунун франкы. Бенин – унитардык мамлекет. Конституциясы 2.12.1990-жылы кабыл алынган. Башкаруу форма­сы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бий­лигинин жогорку органы – бир палаталуу Улут­тук чогулуш. Саясий партиялары: Бениндин | ||
союзунун франкы. | |||
[[File:БЕНИН67.png | thumb | Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)]] | [[File:БЕНИН67.png | thumb | Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)]] | ||
келечеги үчүн союз, Өнүгүү ж-а прогресс үчүн Африка союзу, Бенин кайра жаралуу партия­сы, Демократиялык кайра жаралуу партиясы. | |||
Азыркы | Өлкөнүн түштүгү ойдуңдуу; түндүгүн бийиктиги 500 ''м''ге жеткен плато, түндүк-батышын Атакора тоосу (641 ''м'', өлкөнүн эң бийик жери), түштүгүн деңиз бою ойдуңу ээлейт. Жээгинде булуң-буйт­калар аз, лагуналар арбын. Нигериянын чек­теш булуңда нефть чыгат; түндүгүндө темир ру­дасы, фосфорит кени, бир аз жез, калай, ал­тын, сейрек металлдар бар. Климаты ойдуңда­рында экватордук, жаанчыл, эки сезонго бөлү­нөт (биринчиси – март-июль айларында, экин­чиси – сентябрдын аягынан ноябрдын башына чейин). Түндүк бөлүгүндө субэкватордук. Айлык орточо температурасы 24–30°С. Жылдык жаан-чачы­ны 600–1000 ''мм''. Башкы дарыялары: Веме, Нигер (чегара аркылуу агат). Кызыл, кызгылт сары латерит топурагы басымдуу. Көпчүлүк бөлүгүн бийик өскөн саванна, дарыя бойлорун ж-а түштүгүн дайыма жашыл, нымдуу (тропик) токой ээлейт. Бенинде коргоого алынган 5 аймагы бар (жалпы аянты 1,2 млн га), анын ичинде Пенжари, Дубль-Ве улуттук парктары уюшулган. Калкынын көпчүлүгү нигер-кордофан тилин­де сүйлөгөндөр. Жарым чөлдүү аймактарда көчмөн фульбелер, шаарда европалыктар жа­шайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 ''км''<sup>2 </sup>жерге 65 киши. Салт болуп калган динди калктын 60%, калганы христиан (23%), ислам (15%) динин тутат. Калкынын жашынын орточо узак­тыгы: эркектериники – 50, аялдарыныкы – 51 жаш. Шаар калкы – 31%. Ири шаарлары: Ко­тону, Параку, Абомей-Калави. Ири порту – Ко­тону. | ||
[[File:БЕНИН68.png | thumb | Саванадагы канна антилопалары.]] ги алыскы департаменти» деген статус берил­ген. 1960- | |||
өкмөтү бийликке келгенден кийин өлкөдөгү сая­сий кырдаал турукташа баштаган. 1975-жыл­дан өлкө Бенин Эл | Азыркы Бениндин аймагын адамдар палеолит ж-а неолит доорунан эле мекендешкендиги бел­гилүү. 19-кылымдын аягына чейин Бенин ''Нигериянын'' түштүк бөлүгүндө өз алдынча мамлекет катары жашаган. Бул мамлекеттин өнүккөн учуру 13– 17-кылымдарга туш келет. Кийинчерээк ич ара жаңжал­дардын натыйжасында кыйраган. 15-кылымдын акыркы чейрегинде Бениндин аймагына европалык­тар (алгачкылардан болуп португалиялыктар) келе баштаган ж-а бул жерди кул сатуунун ири борборуна (ушундан улам Эрксиз жээк аталган) айландырган. Бенин деп португалиялыктар жергиликтүү бини элинин атынан улам аташкан деп бол­жолдонот. 17-кылымда азыркы Бениндин аймагында Да­гомея мамлекети түзүлгөндүгү жөнүндөгү алгачкы маа­лыматтарда эскерилет. 1890-жылы француз коло­низаторлору Дагомеяга каршы согуш баштап, 1892-жылы анын борбору Абомейди ээлешкен. 19- кылымдын аягында Бенин аймагын англиялык колонизатор­лор ээлешип, Нигерия колониясынын карама­гына киргизишкен. 1904-жылы Бенин Дагомея аталы­шы м-н Француздук Батыш Африканын кура­мына кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан ки­йин, 1946-жылы Бенинге «Француз Союзунун деңизде- | ||
[[File:БЕНИН68.png | thumb | Саванадагы канна антилопалары.]] ги алыскы департаменти» деген статус берил­ген. 1960-жылы 1-августта Бенин Дагомея Республикасы делип, көз каранды эместигин жарыялаган ж-а 1-сен­тябрда БУУга кабыл алынган. 1960–62-жылдар ара­лыгында өлкөдөгү ички абал турукташпай, 5 жолу аскердик төңкөрүш болуп, 10 жолу өкмөт алмашкан. 1972-жылы аскер адамдарынын тобунун жардамы м-н М. Керекунун Аскердик революциялык | |||
өкмөтү бийликке келгенден кийин өлкөдөгү сая­сий кырдаал турукташа баштаган. 1975-жыл­дан өлкө Бенин Эл Республикасы, 1990-жылдын март айынан Бенин Республикасы деп аталат. 1990-жылы декабр­да жаңы конституция кабыл алынган. [1991-жылы Д. Согло президент болуп шайланып, өлкөдө реформа жүргүзүү аракети калктын турмушун начарлатып, нааразычылыктарды пайда кыл­ган. 2001-жылы М. Кереку кайрадан президент бо­луп шайланган]. Бенин – агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 8,3 млрд доллар (АКШ), аны киши башына бөлүштүр­гөндө 1200 доллардан (2004) туура келет. ИДП­деги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 49,4%, айыл чарбасыныкы 36,3%, өнөр жайыныкы 14,3%. 1982-жылдан Гвинея булуңунда нефть, ошондой эле алтын (жылы­на 500 ''кг''), акиташ теги, мрамор казылып алы­нат. Текстиль, тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба про­дуктуларын кайра иштетүүчү ишканалары иш­тейт. Бенин Африкадагы өзүн-өзү азык-түлүк м-н камсыз кылган өлкөлөрдүн бири. Айдоо аянты аймагынын 17%ин, жайыт 4%ин ээлейт. Негиз­ги айыл чарба өсүмдүгү пахта (жылына 385–400 т жый­налат; экспорттон түшкөн кирешенин 80%ин түзөт). Кой, эчки, бодо мал, чочко асыралат. Ба­лык кармалат. Деңиз продуктулары даярдалат | |||
[[File:БЕНИН69.png | thumb | Бениндеги сваяларга курулган үйлөр.]] | [[File:БЕНИН69.png | thumb | Бениндеги сваяларга курулган үйлөр.]] | ||
(2003-ж. 50 миң т). Пахта, жер жаңгак, май алы­нуучу пальма, кофе өстүрүлөт. Сыртка пахта, нефть продукциялары, пальма майы ж. б. про­дуктуларын чыгарып, сырттан химия ж-а оор машина жабдууларын, азык-түлүк, пахта була­сын, отун, транспорт жабдууларын, тамеки алат. 2002-жылы 285 млн ''кВт·с'' электр энергиясы өн­дүрүлгөн. Темир жолунун узундугу 579 ''км'', автомобиль жолунуку 6787 ''км'' (анын ичинде 1357 ''км''и асфальттал­ган). Башкы порттору: Котону, Порто-Ново, Ве- | |||
(2003-ж. 50 миң т). Пахта, | |||
[[File:БЕНИН70.png | thumb | none]] | [[File:БЕНИН70.png | thumb | none]] | ||
ме. Нигер | ме. Нигер дарыясында кеме жүрөт. Беш аэропорту бар. Негизги соода шериктештери: Кытай, Гана, Таиланд, Индия. 1960-жылга чейин мектеп жашындагы балдардын 20% гана окууга тартылган. Жогорку окуу жайы болгон эмес. Кийин элге билим берүү тез өнүгө баштаган. Элге билим берүү системасы – 6 жыл­дык башталгыч мектеп, толук эмес орто мек­теп-коллеж (4 жыл) ж-а толук орто мектеп-ли­цей (7 жыл). Порто-Новодогу юридикалык институту (1962), Бенин институту иштейт. Порто-Новодо улуттук китепкана, байыркы мамлекетинин борбору – Абомейде тарых музейи бар. Мамлекеттик радиостан­циясы (Котону шаарында) иштейт. Уктуруулар фран­цуз ж-а жергиликтүү тилдерде жүргүзүлөт. Жергиликтүү калк фольклорго бай. Анда Бениндин өткөндөгү турмушу чагылдырылат. Азыркы адабияты француз тилин­де өнүгүүдө. Бенинде байыртан көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Ошондой эле момго адамдын ж-а айбанат­тардын тулкусун түшүрүү, туу бетине, кол чатыр­га, баш кийимдерге ачык өңдүү сайма саюу ке­ңири таралган. Жыгачка, пил сөөгүнө оймо-чий­ме салып, түрдүү буюмдарды жасашат. Бениндин азыркы театр өнөрүнүн негизин диний ырым­-жырымдар коштогон, элдик ыр-бий, акробати­ка оюндары түзөт. Бениндин искусствосу 15–17-кылымдарда коло айкелдерин (падыша айкелин таанымал адамдардын жандоосунда) жасоо м-н даңктал­ган. Барельефи (аскер, чиновик ж. б.), жи­вописи (согуш тартылган), сүрөттөрү (португал­дар курал м-н негрлерди атып жаткан сүрөттөрү; 15–16-кылымдар) кеңири белгилүү. | ||
1960- | |||
чагылдырылат. Азыркы | |||
өнүккөн. | |||
Ад.: ''Бернар'' О. Северная Африка. М., 1949; ''Ольде­рогге Д. А.'' Искусство народов Западной Африки в музеях СССР. Л.; М., 1958; ''Субботин В. А.'' Колонии Франции в 1870–1918 гг. М., 1973. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | Ад.: ''Бернар'' О. Северная Африка. М., 1949; ''Ольде­рогге Д. А.'' Искусство народов Западной Африки в музеях СССР. Л.; М., 1958; ''Субботин В. А.'' Колонии Франции в 1870–1918 гг. М., 1973. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
10:20, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕНИ́Н , Б е н и н Р е с п у б л и к а с ы (1975-жылга чейин Дагомея) – Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Нигер, түндүк-батышынан Буркина-Фасо, чыгышынан Нигерия, батышынан Того мамлекеттери м-н чектешет. Түштүгүн Гвинея булуңу чулгайт. Аянты 112,6 миң км2. Калкы 14,1 млн (2023). Расмий тили – француз тили. Борбору – Порто-Ново шаары. Административдик-аймактык жактан 12

департаментке бөлүнөт. Бенин – БУУнун, Африка союзунун, Батыш Африка экономикалык бирикмесинин, Жалпы африка-маврика уюмунун ж. б. мүчөсү. Акча бирдиги – Батыш Африка валюта союзунун франкы. Бенин – унитардык мамлекет. Конституциясы 2.12.1990-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук чогулуш. Саясий партиялары: Бениндин

келечеги үчүн союз, Өнүгүү ж-а прогресс үчүн Африка союзу, Бенин кайра жаралуу партиясы, Демократиялык кайра жаралуу партиясы.
Өлкөнүн түштүгү ойдуңдуу; түндүгүн бийиктиги 500 мге жеткен плато, түндүк-батышын Атакора тоосу (641 м, өлкөнүн эң бийик жери), түштүгүн деңиз бою ойдуңу ээлейт. Жээгинде булуң-буйткалар аз, лагуналар арбын. Нигериянын чектеш булуңда нефть чыгат; түндүгүндө темир рудасы, фосфорит кени, бир аз жез, калай, алтын, сейрек металлдар бар. Климаты ойдуңдарында экватордук, жаанчыл, эки сезонго бөлүнөт (биринчиси – март-июль айларында, экинчиси – сентябрдын аягынан ноябрдын башына чейин). Түндүк бөлүгүндө субэкватордук. Айлык орточо температурасы 24–30°С. Жылдык жаан-чачыны 600–1000 мм. Башкы дарыялары: Веме, Нигер (чегара аркылуу агат). Кызыл, кызгылт сары латерит топурагы басымдуу. Көпчүлүк бөлүгүн бийик өскөн саванна, дарыя бойлорун ж-а түштүгүн дайыма жашыл, нымдуу (тропик) токой ээлейт. Бенинде коргоого алынган 5 аймагы бар (жалпы аянты 1,2 млн га), анын ичинде Пенжари, Дубль-Ве улуттук парктары уюшулган. Калкынын көпчүлүгү нигер-кордофан тилинде сүйлөгөндөр. Жарым чөлдүү аймактарда көчмөн фульбелер, шаарда европалыктар жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 65 киши. Салт болуп калган динди калктын 60%, калганы христиан (23%), ислам (15%) динин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 50, аялдарыныкы – 51 жаш. Шаар калкы – 31%. Ири шаарлары: Котону, Параку, Абомей-Калави. Ири порту – Котону.
Азыркы Бениндин аймагын адамдар палеолит ж-а неолит доорунан эле мекендешкендиги белгилүү. 19-кылымдын аягына чейин Бенин Нигериянын түштүк бөлүгүндө өз алдынча мамлекет катары жашаган. Бул мамлекеттин өнүккөн учуру 13– 17-кылымдарга туш келет. Кийинчерээк ич ара жаңжалдардын натыйжасында кыйраган. 15-кылымдын акыркы чейрегинде Бениндин аймагына европалыктар (алгачкылардан болуп португалиялыктар) келе баштаган ж-а бул жерди кул сатуунун ири борборуна (ушундан улам Эрксиз жээк аталган) айландырган. Бенин деп португалиялыктар жергиликтүү бини элинин атынан улам аташкан деп болжолдонот. 17-кылымда азыркы Бениндин аймагында Дагомея мамлекети түзүлгөндүгү жөнүндөгү алгачкы маалыматтарда эскерилет. 1890-жылы француз колонизаторлору Дагомеяга каршы согуш баштап, 1892-жылы анын борбору Абомейди ээлешкен. 19- кылымдын аягында Бенин аймагын англиялык колонизаторлор ээлешип, Нигерия колониясынын карамагына киргизишкен. 1904-жылы Бенин Дагомея аталышы м-н Француздук Батыш Африканын курамына кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1946-жылы Бенинге «Француз Союзунун деңизде-

ги алыскы департаменти» деген статус берилген. 1960-жылы 1-августта Бенин Дагомея Республикасы делип, көз каранды эместигин жарыялаган ж-а 1-сентябрда БУУга кабыл алынган. 1960–62-жылдар аралыгында өлкөдөгү ички абал турукташпай, 5 жолу аскердик төңкөрүш болуп, 10 жолу өкмөт алмашкан. 1972-жылы аскер адамдарынын тобунун жардамы м-н М. Керекунун Аскердик революциялык
өкмөтү бийликке келгенден кийин өлкөдөгү саясий кырдаал турукташа баштаган. 1975-жылдан өлкө Бенин Эл Республикасы, 1990-жылдын март айынан Бенин Республикасы деп аталат. 1990-жылы декабрда жаңы конституция кабыл алынган. [1991-жылы Д. Согло президент болуп шайланып, өлкөдө реформа жүргүзүү аракети калктын турмушун начарлатып, нааразычылыктарды пайда кылган. 2001-жылы М. Кереку кайрадан президент болуп шайланган]. Бенин – агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 8,3 млрд доллар (АКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 1200 доллардан (2004) туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 49,4%, айыл чарбасыныкы 36,3%, өнөр жайыныкы 14,3%. 1982-жылдан Гвинея булуңунда нефть, ошондой эле алтын (жылына 500 кг), акиташ теги, мрамор казылып алынат. Текстиль, тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүчү ишканалары иштейт. Бенин Африкадагы өзүн-өзү азык-түлүк м-н камсыз кылган өлкөлөрдүн бири. Айдоо аянты аймагынын 17%ин, жайыт 4%ин ээлейт. Негизги айыл чарба өсүмдүгү пахта (жылына 385–400 т жыйналат; экспорттон түшкөн кирешенин 80%ин түзөт). Кой, эчки, бодо мал, чочко асыралат. Балык кармалат. Деңиз продуктулары даярдалат

(2003-ж. 50 миң т). Пахта, жер жаңгак, май алынуучу пальма, кофе өстүрүлөт. Сыртка пахта, нефть продукциялары, пальма майы ж. б. продуктуларын чыгарып, сырттан химия ж-а оор машина жабдууларын, азык-түлүк, пахта буласын, отун, транспорт жабдууларын, тамеки алат. 2002-жылы 285 млн кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Темир жолунун узундугу 579 км, автомобиль жолунуку 6787 км (анын ичинде 1357 кми асфальтталган). Башкы порттору: Котону, Порто-Ново, Ве-

ме. Нигер дарыясында кеме жүрөт. Беш аэропорту бар. Негизги соода шериктештери: Кытай, Гана, Таиланд, Индия. 1960-жылга чейин мектеп жашындагы балдардын 20% гана окууга тартылган. Жогорку окуу жайы болгон эмес. Кийин элге билим берүү тез өнүгө баштаган. Элге билим берүү системасы – 6 жылдык башталгыч мектеп, толук эмес орто мектеп-коллеж (4 жыл) ж-а толук орто мектеп-лицей (7 жыл). Порто-Новодогу юридикалык институту (1962), Бенин институту иштейт. Порто-Новодо улуттук китепкана, байыркы мамлекетинин борбору – Абомейде тарых музейи бар. Мамлекеттик радиостанциясы (Котону шаарында) иштейт. Уктуруулар француз ж-а жергиликтүү тилдерде жүргүзүлөт. Жергиликтүү калк фольклорго бай. Анда Бениндин өткөндөгү турмушу чагылдырылат. Азыркы адабияты француз тилинде өнүгүүдө. Бенинде байыртан көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Ошондой эле момго адамдын ж-а айбанаттардын тулкусун түшүрүү, туу бетине, кол чатырга, баш кийимдерге ачык өңдүү сайма саюу кеңири таралган. Жыгачка, пил сөөгүнө оймо-чийме салып, түрдүү буюмдарды жасашат. Бениндин азыркы театр өнөрүнүн негизин диний ырым-жырымдар коштогон, элдик ыр-бий, акробатика оюндары түзөт. Бениндин искусствосу 15–17-кылымдарда коло айкелдерин (падыша айкелин таанымал адамдардын жандоосунда) жасоо м-н даңкталган. Барельефи (аскер, чиновик ж. б.), живописи (согуш тартылган), сүрөттөрү (португалдар курал м-н негрлерди атып жаткан сүрөттөрү; 15–16-кылымдар) кеңири белгилүү.
Ад.: Бернар О. Северная Африка. М., 1949; Ольдерогге Д. А. Искусство народов Западной Африки в музеях СССР. Л.; М., 1958; Субботин В. А. Колонии Франции в 1870–1918 гг. М., 1973.