БЕРБЕРЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРБЕРЛЕР''' (өздөрүн а м а з и ч, а м а х а ч деп аташат) – | '''БЕРБЕРЛЕР''' (өздөрүн а м а з и ч, а м а х а ч деп аташат) – Түндүк Африканын (Марокко, Алжир, Тунис) жергиликтүү калкы, ошондой эле Египет, Ливия, Мав­ритания, Мали, Нигер, Нигерия ж. б. өлкөлөрдө жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 30 млндой киши (2005). Бербер тилинин диалектисинде ж-а басымдуу көпчүлүгү араб тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит, ошондой эле харижит, иуда­исттер ж-а христиандар да бар. Берберлер уруусунун негизги топтору: тамазигт, риф, шлёх, туарег, кабил ж. б. Берберлер – Түндүк Африканын байыркы кал­кы. Алардын ата-бабалары жөнүндө техену деген аталыш м-н б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягына таандык Египет жазмаларында 1-жолу эскери­лет. Кийин египеттиктер аларды лебу же либу (мындан ливиялыктар деген аталыш пайда бол­гон) деп атай башташкан. Бербел этноними Түндүк Аф­риканы арабдар басып алгандан кийин (7–8-кылымдар) белгилүү болгон. Арабдар алгач «бербер» терми­нин «араб эмес», «каапыр» деген мааниде пай­даланышкан. Арабдар басып алган соң, өзгөчө 11–12-кылымдарда Берберлерди арабдаштыруу ж-а исламдаш­тыруу саясаты жүргүзүлүп, алар араб маданиятын, каада-салтын, тилин, динин (ислам) кабыл алышкан. Азыркы мезгилде Берберлердин көпчүлүгү отурукташкан. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесип кылышып, таштан ж-а жыгачтан салынган үйлөрдө, көчмөндөр палат- | ||
чарбачылык м-н кесип кылышып, таштан ж-а жыгачтан салынган үйлөрдө, көчмөндөр палат- | |||
[[File:БЕРБЕРЛЕР71.png | thumb | none]] | [[File:БЕРБЕРЛЕР71.png | thumb | none]] | ||
ка-чатырчаларда жашашат. Берберлерде туугандык-уру­учулук сакталып калган. Урууну уруу башчы­сы башкарып, чарбалык ж-а ички-тышкы ма­селелерди аксакалдар кеңеши чечет. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
ка-чатырчаларда жашашат. | |||
03:51, 27 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕРБЕРЛЕР (өздөрүн а м а з и ч, а м а х а ч деп аташат) – Түндүк Африканын (Марокко, Алжир, Тунис) жергиликтүү калкы, ошондой эле Египет, Ливия, Мавритания, Мали, Нигер, Нигерия ж. б. өлкөлөрдө жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 30 млндой киши (2005). Бербер тилинин диалектисинде ж-а басымдуу көпчүлүгү араб тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит, ошондой эле харижит, иудаисттер ж-а христиандар да бар. Берберлер уруусунун негизги топтору: тамазигт, риф, шлёх, туарег, кабил ж. б. Берберлер – Түндүк Африканын байыркы калкы. Алардын ата-бабалары жөнүндө техену деген аталыш м-н б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягына таандык Египет жазмаларында 1-жолу эскерилет. Кийин египеттиктер аларды лебу же либу (мындан ливиялыктар деген аталыш пайда болгон) деп атай башташкан. Бербел этноними Түндүк Африканы арабдар басып алгандан кийин (7–8-кылымдар) белгилүү болгон. Арабдар алгач «бербер» терминин «араб эмес», «каапыр» деген мааниде пайдаланышкан. Арабдар басып алган соң, өзгөчө 11–12-кылымдарда Берберлерди арабдаштыруу ж-а исламдаштыруу саясаты жүргүзүлүп, алар араб маданиятын, каада-салтын, тилин, динин (ислам) кабыл алышкан. Азыркы мезгилде Берберлердин көпчүлүгү отурукташкан. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесип кылышып, таштан ж-а жыгачтан салынган үйлөрдө, көчмөндөр палат-

ка-чатырчаларда жашашат. Берберлерде туугандык-уруучулук сакталып калган. Урууну уруу башчысы башкарып, чарбалык ж-а ички-тышкы маселелерди аксакалдар кеңеши чечет.