БЕРИЛЛИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕРИ́ЛЛИЙ''' (Berillium), Be – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' 2-тобунан орун алган | '''БЕРИ́ЛЛИЙ''' (Berillium), Be – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' 2-тобунан орун алган химиялык элемент, атмосфералык массасы 9,0122, ачык боз түстөгү, жеңил металл. Туруктуу бир изотобу <sup>9</sup>Be бар. 1798-жылы француз химиги Л. Воклен берилл ми­нералынын курамынан тапкан. Металл түрүн­дөгү Бериллийди 1-жолу 1828-жылы немец химиктери Ф. Велер ж-а А. Бюсси бир убакта Бериллий хлоридин ка­лий м-н калыбына келтирүүдөн алган. Ал – сей­рек учуроочу элемент. 1285°Сде эрип, 2790°Сде кайнайт. Металлдардын ичинен жылуулук сый­ымдуулугу ж-а өткөргүчтүгү жогору, электр каршы­лыгы төмөн, морт металл. Химиялык бирикмелеринде 2 валенттүү; химиялык жактан абдан активдүү, би­рок оксидинин (BeO) жука кабыгы м-н каптал­ган абалда туруктуу. Плавик, туз, суюлтулган күкүрт кислоталарында эрийт. Конценттраттык ж-а суюл­тулган HNO<sub>3 </sub>м-н жогорку температурада гана ара­кеттенет. Суутек м-н түздөн-түз кошулбайт. Жогорку температурада көпчүлүк металлдар м-н кошулуп, бериллиддерди, азот м-н нитридди Be<sub>3</sub>N<sub>2</sub>, көмүртек м-н карбидди Be<sub>2</sub>C, галогендер м-н галогениддерди пайда кылат. Гидроксиди Ве(ОН) начар негиз, амфотердүү касиетке ээ. Көпчүлүк туздары сууда жакшы эрийт. Начар эриген туздарына фосфаты Be<sub>3</sub>(PO<sub>4</sub>)<sub>2</sub>·XH<sub>2</sub>O ки­рет. Бериллий туздарынын эритмелери гидролиздин натыйжасында кычкыл чөйрөгө ээ болот. Ал берилл минералынан алынган Бериллий фторидин Mg м-н калыбына келтирүү, Бериллий хлориди м-н натрий хлоридинин аралашмасын электролиздөө м-н алынат. Түрдүү куймаларды алууда, атом реак­торлорунда, авиация ж-а космос техникасында колдонулат. Бериллийдин кычкылтек м-н бирикмеси ВеО ак кристалл зат, сууда эрибейт, кислоталар, жегичтер м-н туздарды пайда кылат. Отко чыдамдуу ти­гель, карапа даярдоо үчүн, ядролук реактордо, органикалык синтезде катализатор катары колдонулат. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
Жогорку | |||
м-н галогениддерди пайда кылат. Гидроксиди | |||
Ве(ОН) | |||
начар негиз, амфотердүү касиетке ээ. | |||
05:54, 27 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕРИ́ЛЛИЙ (Berillium), Be – элементтердин мезгилдик системасынын 2-тобунан орун алган химиялык элемент, атмосфералык массасы 9,0122, ачык боз түстөгү, жеңил металл. Туруктуу бир изотобу 9Be бар. 1798-жылы француз химиги Л. Воклен берилл минералынын курамынан тапкан. Металл түрүндөгү Бериллийди 1-жолу 1828-жылы немец химиктери Ф. Велер ж-а А. Бюсси бир убакта Бериллий хлоридин калий м-н калыбына келтирүүдөн алган. Ал – сейрек учуроочу элемент. 1285°Сде эрип, 2790°Сде кайнайт. Металлдардын ичинен жылуулук сыйымдуулугу ж-а өткөргүчтүгү жогору, электр каршылыгы төмөн, морт металл. Химиялык бирикмелеринде 2 валенттүү; химиялык жактан абдан активдүү, бирок оксидинин (BeO) жука кабыгы м-н капталган абалда туруктуу. Плавик, туз, суюлтулган күкүрт кислоталарында эрийт. Конценттраттык ж-а суюлтулган HNO3 м-н жогорку температурада гана аракеттенет. Суутек м-н түздөн-түз кошулбайт. Жогорку температурада көпчүлүк металлдар м-н кошулуп, бериллиддерди, азот м-н нитридди Be3N2, көмүртек м-н карбидди Be2C, галогендер м-н галогениддерди пайда кылат. Гидроксиди Ве(ОН) начар негиз, амфотердүү касиетке ээ. Көпчүлүк туздары сууда жакшы эрийт. Начар эриген туздарына фосфаты Be3(PO4)2·XH2O кирет. Бериллий туздарынын эритмелери гидролиздин натыйжасында кычкыл чөйрөгө ээ болот. Ал берилл минералынан алынган Бериллий фторидин Mg м-н калыбына келтирүү, Бериллий хлориди м-н натрий хлоридинин аралашмасын электролиздөө м-н алынат. Түрдүү куймаларды алууда, атом реакторлорунда, авиация ж-а космос техникасында колдонулат. Бериллийдин кычкылтек м-н бирикмеси ВеО ак кристалл зат, сууда эрибейт, кислоталар, жегичтер м-н туздарды пайда кылат. Отко чыдамдуу тигель, карапа даярдоо үчүн, ядролук реактордо, органикалык синтезде катализатор катары колдонулат.