БЕРЦЕЛИУС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

08:11, 3 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

БЕРЦЕЛИУС́ЛИУСЛЛ Йёнс Якоб (20. 8. 1779, Веверсун­да – 7. 8. 1848, Стокгольм) – швед химиги ж-а минералогу. Упсал университетинде медицина боюнча док­тор наамына ээ болгон (1802). Стокгольм ИАнын мүчөсү (1807). 1820-жылдан Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү. Б-тун атомистика­ны тажрыйбада далилдеп, аны өркүндөтүп, хи­мияга киргизиши чоң ийгилик болуп саналат. Элементтердин ат. м-нын таблицасын түзүп, гр. же лат. аттарынын башкы тамгалары м-н бел­гилөөнү сунуш кылган; 2000ге жакын бирикме­нин проценттик курамын изилдеп чыккан. 1810– 16-ж. эселик катыш законун ачып, орг. бирик­мелердин курамы ал законго баш ийерин да­лилдеген. 1815-ж. кээ бир орг. к-талардын би­ринчи формуласын жазган. Курамы бирдей, касиеттери түрдүү орг. бирикмелерди изомерлер деп атаган. Гизингер м-н бирге түрдүү мине­ралдарды, кендерди изилдеп, церий, селен, то­рийди, 1824–25-ж. 1-жолу эркин абалдагы крем­ний, титан, тантал ж-а цирконийди алган. Атом ж-дөгү окууну негиздеп, өнүктүрүүдө анын эмге­ги зор.