БИОБАШКАРУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОБАШКАРУУ''' – башкаруучу сигнал катары жандуу организмдердин ар түрдүү аракеттерин пайдаланып, приборлор, механизмдер ж-а түзү­лүштөр м-н башкаруу системасы. | '''БИОБАШКАРУУ''' – башкаруучу сигнал катары жандуу организмдердин ар түрдүү аракеттерин пайдаланып, приборлор, механизмдер ж-а түзү­лүштөр м-н башкаруу системасы. Биобашкаруу дүүлүк­түрүүчү ткандар пайда кылуучу биоэлектр по­тенциалдары, жүрөк-кан тамыр ж-а дем алуу системаларынын ишин коштоочу механикалык ж-а акус­тика кубулуштары, дене температурасынын өзгөрү­шү ж. б-га байланыштуу. Бардыгынан биоэлек­трдик башкаруу системасы кеңири таралган. Мындай системаларда булчуңдар, жүрөк, мээ, нервдер пайда кылган биопотенциалдар адеген­де күчөтүлүп, иштелип, андан ары команда берүүчү, башкаруучу сигналдарга айландырылат. Мээнин биопотенциалдарын пайдалануу элект­рэнцефалографы м-н автоматтык башкаруучу приборлорду түзүүгө мүмкүндүк берген. Бул при­борлор кычкылтек жетишсиздигин автоматтык түрдө билдирет, наркоз заттарын берүүнү авто­маттык түрдө башкарат ж-а наркозду белгилүү стадияда кармап турат. Көпчүлүк приборлор жү­рөк биопотенциалдары (оору учурунда электр­кардиограмманын мүнөздүү өзгөрүүлөрү) м-н башкарылат. Приборлор диагностикалык, кат­тоочу аппараттарды иштетүүчү ж-а дарылоочу болуп бөлүнөт. Биоэлектрдик башкаруу техни­када (аралыктан башкарылуучу биоманипуля­торлордо) да колдонулат. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
03:54, 5 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
БИОБАШКАРУУ – башкаруучу сигнал катары жандуу организмдердин ар түрдүү аракеттерин пайдаланып, приборлор, механизмдер ж-а түзүлүштөр м-н башкаруу системасы. Биобашкаруу дүүлүктүрүүчү ткандар пайда кылуучу биоэлектр потенциалдары, жүрөк-кан тамыр ж-а дем алуу системаларынын ишин коштоочу механикалык ж-а акустика кубулуштары, дене температурасынын өзгөрүшү ж. б-га байланыштуу. Бардыгынан биоэлектрдик башкаруу системасы кеңири таралган. Мындай системаларда булчуңдар, жүрөк, мээ, нервдер пайда кылган биопотенциалдар адегенде күчөтүлүп, иштелип, андан ары команда берүүчү, башкаруучу сигналдарга айландырылат. Мээнин биопотенциалдарын пайдалануу электрэнцефалографы м-н автоматтык башкаруучу приборлорду түзүүгө мүмкүндүк берген. Бул приборлор кычкылтек жетишсиздигин автоматтык түрдө билдирет, наркоз заттарын берүүнү автоматтык түрдө башкарат ж-а наркозду белгилүү стадияда кармап турат. Көпчүлүк приборлор жүрөк биопотенциалдары (оору учурунда электркардиограмманын мүнөздүү өзгөрүүлөрү) м-н башкарылат. Приборлор диагностикалык, каттоочу аппараттарды иштетүүчү ж-а дарылоочу болуп бөлүнөт. Биоэлектрдик башкаруу техникада (аралыктан башкарылуучу биоманипуляторлордо) да колдонулат.