БЕШ-БУРКАН КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БЕШБУРКАН КҮРӨҢКӨМҮР КЕНИ to БЕШ-БУРКАН КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ) |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕШ-БУРКАН КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 12 км түштүк-чыгыш тарапта, Тахтек өрөөнүндө. Кен 1987–88-жылдарда издөө иштеринин негизинде ачылган. 1989–91-жылдарда чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Төмөнкү юра катмарында татаал түзүлүштөгү бир көмүр кабаты аныкталган. «Негизги» деп аталган кабаттын калыңдыгы 1,47 мден 37,19 мге чейин өзгөрөт. Көмүр 3Б маркасына таандык, орточо күлдүүлүгү 19,4%, орточо табы 28,5 МДж/кг (6808 ккал/кг). Запасы (В+С1 категориясы б-ча) 37344 миң т.