БЕШТАШ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БЕШ-ТАШ ӨРӨӨНҮ''' Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында. Беш-Таш суусун бойлой Беш-Таш ашуусунан (3578 ''м'' бийиктикте) түндүк-чыгышты карай 54 ''км''ге созулуп жатат. Таманы деңиз деңгээлинен 1250–3500 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Баш жагы м-н ортоңку бөлүгү капчыгай сымал. Та­лас өрөөнүнө жакындаганда кеңейет да, түндүктү карай бурулат. Рельефи төмөн жагында адыр­луу. Адырлардын этегинде Талас суусун карай акырындык м-н эңкейиш тарткан түздүк жа­тат. Өрөөндүн көп бөлүгүнө орто бийиктиктеги тоолуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун акиташ ж-а доломит тектеринен түзүлгөн. Алар аскалуу тик беттерди түзөт. Баш жагында инт­рузия тектери да кездешет. Өрөөн аркылуу ''Беш­-Таш'' суусу агат. Деңиз деңгээлинен 3008 ''м'' бийиктикте ''Беш-Таш көлү'' жайгашкан. Андан төмөнүрөөктө чакан кооз көлдөр бар. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы –0...–8°С, июлдуку 20–21°С. Бийиктеген сайын климаты өзгөрөт; температурасы төмөндөп, жаан-чачын көбөйөт. Жылдык жаан-чачыны 300–800 ''мм.'' Беш-Таш өрөөнү ланд­шафтынын өтө ар түрдүүлүгү ж-а кооздугу м-н өзгөчөлөнөт. Анда кылкан-бетегелүү тоолуу кү­ңүрт-коңур топурактуу талаа зонасынан (1200– 2200 ''м'') баштап, доңуз сырты, өлөң, түркүн чөп­түү альп шалбаалары, мөңгү, түбөлүк карга че­йинки ландшафт зоналары бар. 2000–2800 ''м'' бийиктикте көк карагай, карагай токойлору ке­зигет. Көк карагай Беш-Таш өрөөнүндө гана өсөт. Токой ара­сында четин, арча, кайың, жапайы алма, тал ж. б. бар. Өрөөндүн ооз тарабында Козучак, Бал­бал, Хивинка кыштактары жайгашкан. Өрөөн аркы­луу Беш-Таш ашуусуна, андан Кетмен-Төбө өрөө­нүнө автомобиль жолу өтөт. | ||
капталында. | |||
чакан кооз көлдөр бар. Климаты континенттик, январдын | |||
өзгөчөлөнөт. Анда кылкан-бетегелүү тоолуу кү­ңүрт-коңур топурактуу талаа зонасынан (1200– 2200 ''м'') баштап, | |||
<p align='right'>''Ы. Токторова.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''Ы. Токторова.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
05:00, 6 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕШ-ТАШ ӨРӨӨНҮ Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында. Беш-Таш суусун бойлой Беш-Таш ашуусунан (3578 м бийиктикте) түндүк-чыгышты карай 54 кмге созулуп жатат. Таманы деңиз деңгээлинен 1250–3500 м бийиктикте жайгашкан. Баш жагы м-н ортоңку бөлүгү капчыгай сымал. Талас өрөөнүнө жакындаганда кеңейет да, түндүктү карай бурулат. Рельефи төмөн жагында адырлуу. Адырлардын этегинде Талас суусун карай акырындык м-н эңкейиш тарткан түздүк жатат. Өрөөндүн көп бөлүгүнө орто бийиктиктеги тоолуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун акиташ ж-а доломит тектеринен түзүлгөн. Алар аскалуу тик беттерди түзөт. Баш жагында интрузия тектери да кездешет. Өрөөн аркылуу Беш-Таш суусу агат. Деңиз деңгээлинен 3008 м бийиктикте Беш-Таш көлү жайгашкан. Андан төмөнүрөөктө чакан кооз көлдөр бар. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы –0...–8°С, июлдуку 20–21°С. Бийиктеген сайын климаты өзгөрөт; температурасы төмөндөп, жаан-чачын көбөйөт. Жылдык жаан-чачыны 300–800 мм. Беш-Таш өрөөнү ландшафтынын өтө ар түрдүүлүгү ж-а кооздугу м-н өзгөчөлөнөт. Анда кылкан-бетегелүү тоолуу күңүрт-коңур топурактуу талаа зонасынан (1200– 2200 м) баштап, доңуз сырты, өлөң, түркүн чөптүү альп шалбаалары, мөңгү, түбөлүк карга чейинки ландшафт зоналары бар. 2000–2800 м бийиктикте көк карагай, карагай токойлору кезигет. Көк карагай Беш-Таш өрөөнүндө гана өсөт. Токой арасында четин, арча, кайың, жапайы алма, тал ж. б. бар. Өрөөндүн ооз тарабында Козучак, Балбал, Хивинка кыштактары жайгашкан. Өрөөн аркылуу Беш-Таш ашуусуна, андан Кетмен-Төбө өрөөнүнө автомобиль жолу өтөт.
Ы. Токторова.