БЖЕЗИНСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЖЕЗИ́НСКИЙ''' Збигнев Казимир (28.3.1928- | '''БЖЕЗИ́НСКИЙ''' '''Збигнев Казимир''' (28.3.1928-жылы туулган, Варшава) – АКШнын мамлекеттик ишмери, окумуш­туу. Философия илимдеринин доктору (1953), профессор (1960). Мак-Гилл (1949, Канада) ж-а Гарвард (АКШ) университеттерин бүтүргөн. 1953–60-жылдарда Гарвард, 1960-жылдан Колумб университетинин (Нью-Йорк) профессору, 1962–77-жылдарда ошол эле жерде Коммунизм маселелерин изилдөө институтунун директору. 1977– 81-жылдарда АКШ президенти Ж. Картердин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы. 1981– 89-жылдарда Жоржтаун ж-а Колумб университеттеринде, 1989– 99-жылдарда Жон Гопкинс университетинде эл аралык мами­лелер бөлүмүн жетектеген. Бжезинскийдин эмгектеринде Совет бийлиги ж-а анын коммунисттик идеоло­гиясы сынга алынып, СССРдин ички ж-а тыш­кы саясатын ар тараптуу изилдөөнүн натыйжа­сында бул империянын да кыйрай тургандыгы тууралуу илимий божомолун жарыялаган. 20-кылымдын 90-жылдарынан тарта Бжезинский мурдагы СССРдин ай­магындагы, анын ичинде Орто Азиядагы геосаясий абал ж-а жаңыдан пайда болгон көз каранды эмес мамлекеттердин келечеги тууралуу маселелер­ди изилдеген. Негизги эмгектери: «Саясий бий­лик: АКШ/СССР» (1964, С. Хантингтон м-н бир­дикте), «Алаамат кыйроо. ХХ кылымдагы ком­мунизмдин төрөлүшү жана өлүмү» (1988), «Улуу шахмат тактасы» (1998). | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
05:52, 6 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЖЕЗИ́НСКИЙ Збигнев Казимир (28.3.1928-жылы туулган, Варшава) – АКШнын мамлекеттик ишмери, окумуштуу. Философия илимдеринин доктору (1953), профессор (1960). Мак-Гилл (1949, Канада) ж-а Гарвард (АКШ) университеттерин бүтүргөн. 1953–60-жылдарда Гарвард, 1960-жылдан Колумб университетинин (Нью-Йорк) профессору, 1962–77-жылдарда ошол эле жерде Коммунизм маселелерин изилдөө институтунун директору. 1977– 81-жылдарда АКШ президенти Ж. Картердин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы. 1981– 89-жылдарда Жоржтаун ж-а Колумб университеттеринде, 1989– 99-жылдарда Жон Гопкинс университетинде эл аралык мамилелер бөлүмүн жетектеген. Бжезинскийдин эмгектеринде Совет бийлиги ж-а анын коммунисттик идеологиясы сынга алынып, СССРдин ички ж-а тышкы саясатын ар тараптуу изилдөөнүн натыйжасында бул империянын да кыйрай тургандыгы тууралуу илимий божомолун жарыялаган. 20-кылымдын 90-жылдарынан тарта Бжезинский мурдагы СССРдин аймагындагы, анын ичинде Орто Азиядагы геосаясий абал ж-а жаңыдан пайда болгон көз каранды эмес мамлекеттердин келечеги тууралуу маселелерди изилдеген. Негизги эмгектери: «Саясий бийлик: АКШ/СССР» (1964, С. Хантингтон м-н бирдикте), «Алаамат кыйроо. ХХ кылымдагы коммунизмдин төрөлүшү жана өлүмү» (1988), «Улуу шахмат тактасы» (1998).