БИЙ (мансап даражасы): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЙ''' – уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезги­линде | '''БИЙ''' – уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезги­линде Бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй-бү­лөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жары­мынан Бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл ара­сында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын та­ламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй-бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяк­туу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865–66-жылдарда Россия па­дышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби ж­өнүндө чыгарган жоболорго ылайык Бийлер соту уюш­турулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шай­ланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жыл­га чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сом­го чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий ман­сабы айылдык Бийге, болуштук Бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган баш­ка элдердин талаш-тартыштары каралган. Ок­тябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы м-н болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927– 28-жылдары казы ж-а Бий соту жоюлган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
«маянасын» алышкан. 1865–66- | |||
09:03, 6 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
БИЙ – уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Уруулук мамилелер үстөмдүк мезгилинде Бийдин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Бий үй-бүлөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-кылымдын 1-жарымынан Бий мансабы манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл арасында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Бийлер чоң манаптарга баш ийип, алардын таламдарын жакташкан. Алар мүлк талашы, үй-бүлө маселеси, уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды карап, тийиштүү айыптарга кириптер кылышкан. Андан өзүлөрүнө тиешелүү «маянасын» алышкан. 1865–66-жылдарда Россия падышалыгы Түркстанда башкаруунун тартиби жөнүндө чыгарган жоболорго ылайык Бийлер соту уюштурулат. Бийлер соту 3 жылдык мөөнөткө шайланып, кылмыш иштери боюнча бир жарым жылга чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сомго чейин айып салууга укуктуу болгон. Бий мансабы айылдык Бийге, болуштук Бийге бөлүнгөн. Бийлердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган башка элдердин талаш-тартыштары каралган. Октябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы м-н болуш соту убактылуу калтырылып, алар жөнүндө атайын жобо чыгарылган. Бий соту советтик сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927– 28-жылдары казы ж-а Бий соту жоюлган.