БИЛДИРГИЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИЛДИРГИЧ''' , д а т ч и к, а л г а ч к ы ө з г ө р т­к ү ч – текшерилүүчү чоңдукту (басым, | '''БИЛДИРГИЧ''' , д а т ч и к, а л г а ч к ы ө з г ө р т ­к ү ч – текшерилүүчү чоңдукту (басым, температура, жыштык, ылдамдык, которулуш, чыңалуу, ток ж. б.) өлчөөгө, берүүгө, өзгөртүүгө, сактоого, кат­тоого ыңгайлуу сигналга айландыруучу өз­гөрткүч. Чыгыш сигналдары: энергиянын теги боюнча электрдик, пневматикалык, гидравлика­лык; энергия агымынын модуляциясынын мүнөзү боюнча амплитудалык (чыңалуу, ток, газ басымы ж. б.), убакыт импульстук, жыштык, фазалык ж-а дискреттүү (цифралык) болуп бөлүнөт. Эң жөнөкөй Билдиргич бир гана сезгич эле­менттен (термопара, тензо билдиргич, каршы­лык термометри ж. б.), татаал Билдиргич өзгөрткүчтөрү каскаддуу, дифференциалдык, компенсация­лоочу схема боюнча кошулган бир нече элементтен турат . Автоматтык текшерүү ж-а жөндөө системасындагы башка элементтерге салыш­тырганда Билдиргич эксплуатациялык эң оор шартта – температура ж-а басым кескин өзгөргөндө ж. б. кол­донулат. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
07:37, 7 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БИЛДИРГИЧ , д а т ч и к, а л г а ч к ы ө з г ө р т к ү ч – текшерилүүчү чоңдукту (басым, температура, жыштык, ылдамдык, которулуш, чыңалуу, ток ж. б.) өлчөөгө, берүүгө, өзгөртүүгө, сактоого, каттоого ыңгайлуу сигналга айландыруучу өзгөрткүч. Чыгыш сигналдары: энергиянын теги боюнча электрдик, пневматикалык, гидравликалык; энергия агымынын модуляциясынын мүнөзү боюнча амплитудалык (чыңалуу, ток, газ басымы ж. б.), убакыт импульстук, жыштык, фазалык ж-а дискреттүү (цифралык) болуп бөлүнөт. Эң жөнөкөй Билдиргич бир гана сезгич элементтен (термопара, тензо билдиргич, каршылык термометри ж. б.), татаал Билдиргич өзгөрткүчтөрү каскаддуу, дифференциалдык, компенсациялоочу схема боюнча кошулган бир нече элементтен турат . Автоматтык текшерүү ж-а жөндөө системасындагы башка элементтерге салыштырганда Билдиргич эксплуатациялык эң оор шартта – температура ж-а басым кескин өзгөргөндө ж. б. колдонулат.