БЕШ БАРМАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Dilde moved page БЕШБАРМАК to БЕШ БАРМАК)
(Айырма жок)

07:55, 12 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

БЕШБАРМАК – кыргыздын улуттук негизги сый тамагы. Ал казак, мурдагы көчмөн өзбек­терде да болгон. Бышкан эттин табы кайткан­да тууралып, эттин тундурулган сорпосуна кес­ме салып бышырып, аны сүзүп алып, туурал­ган этке кошот. Үстүнө майлуу, коруштуу ысык чык куюлуп, текши аралаштырылат. Бешбармак – мур­да «туураган эт», «нарын» деп аталган тамак­тын жаңыча аталышы. Болжолу өткөн кылымдын 20–30-жылдарынан «бешбармак» деп ата­лып кеткен.

Койдун этинен даярдалган Бешбармактын үстүнө керте тууралган куйрук-боор салынып тартылса «алашак Бешбармак», төөнүн этинен даяр­далып, үстүнө жилигинин чучугун («ак челек») кошсо «ак дөбө Бешбармак», даярдалган Бешбармактын үстүнө чучук коюлса «селделүү Бешбармак», сүр эттен жасалга­ны «сүр Бешбармак» деп аталат. Учурдун технологиясы боюнча даярдалган «Нарын», «Талас», «Көл», «Чүй», «Чаткал» жана башка түрлөрү калк арасында кеңири жайылууда.