БИЧУРИН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
''' БИЧУ&#769;РИН''' '''Никита Яковлевич''', И а к и н ф [29.8(9.9.)1777–11(23).5.1853 Cанкт-Петербург) – орустун чыгыш таануучусу, православ миссионери, Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1828), П<font color='green'>а</font>риждеги Азия коомунун мүчөсү (1831). Улуту чуваш. 1799-жылы Казандагы диний академияны бүтүргөн. 1802-жылы кечилдикти кабыл алган. 1807-жылдан Пекинде 14 жыл христиан дин миссиясына башчы болуп, кытай тилин үйрө<font color='green'>н</font>гөн. Кечилдердин үгүт-насыят иштерине көӊүл кош мамилеси үчүн 1823-жылы Ваалам кечилкан<font color='green'>а</font>сына камалган. 1826-жылы бошотулуп, Россиянын тышкы иштер министрлигинин Азия департ<font color='green'>а</font>ментинде тилмеч болуп иштеген. Анын кытай тилиндеги даректерди орус
''' БИЧУ́РИН''' Никита Яковлевич, Иаки́нф [29. 08 (9.09.) 1777, [[Россия империясы]], Казан губерниясы, Цивиль уезди, Акулево (азыркы Типнеры) кыштагы–11 (23). 05. 1853, Россия империясы, [[Cанкт-Петербург]] шаары) – орус чыгыш таануучусу (синолог), орустун [[православ]] чиркөөсүнүн архимандрити (1802–1823), Петербург ИАнын корреспондент мүчөсү (1828), Париждеги Азия коомунун ардактуу мүчөсү (1831).
[[File:БИЧУРИН19.png | thumb | none]]
[[File:БИЧУРИН19.png | thumb | none]]
чага которуп жазган эмге<font color='green'>к</font>териндеги байыркы ж-а орто кылымдардагы кыргыздар (ге-гунь, гянь-гунь, хя-гя-сы, ки-ли-ки-цзы, бу-лу-ти с<font color='green'>ы</font>яктуу иероглифтер м-н б<font color='green'>е</font>рилген) ж-а аларга коӊшу хунн, динлин, түрк, уйгур, карлук, түргөш ж. б. түрк тилдүү элдер, монголдор жөнүндөгү маалыматтары Орто Азиянын ж-а Борбордук Азиянын тарыхы үчүн өтө баалуу. Кытай т<font color='green'>а</font>рыхына, маданиятына ж-а философиясына арна<font color='green'>л</font>ган эмгектери да бар.
Улуту чуваш, атасы Яков Данилов Бичурино (Пичурино) кыштагында орус чиркөөсүнүн диакону кызматын аткарган. Никита 1785-жылы [[Казан шаары]]ндагы семинарияга (1797-жылдан академия) кирип, кабыл алынган балдар атасы эмес, кайсы округ, же кыштак, же чиркөөнүн атынан катталууга жаткан шаардык [[епархия]]нын жобосуна ылайык «Бичурин» деген жаңы фамилияга ээ болгон. Ал жерде окуучулар диний таалим-тарбия жана ыр-хор сыяктуу сабактардан тышкары байыркы [[грек]], [[латын]], ошондой эле [[немец]], [[француз]] тилдерин окуп үйрөнүшкөн. 1799-жылы ал академияны артыкчылык менен бүтүрүп, ошол эле жерде грамматикалык класстын окутуучусу болуп калган. 1800-жылы «Иакинф» деген жаңы ысым менен кечилдикти кабыл алып, 1801-жылы иеромонах наамына жеткен. 1802-жылы архимандрит наамын алып, [[Иркутск]] шаарындагы диний семинариянын ректорлугуна дайындалган. Диний кызмат үстүндө кетирилген күнөөсү үчүн 1806-жылы жөнөкөй мугалим катары Тоболь шаарындагы семинарияга которулган. [[Кытай тили]]не катуу кызыкканына байланыштуу 1805-жылы Кытайга бара турган граф Ю. А. Головкин жетектеген элчиликтин тизмесине кирген, бирок ал иш аягына чыкпай калып, 1807-жылы православ дининин тогузунчу миссиясынын башчылыгына дайындалган. 1808-жылы [[Пекин]]ге келери менен кытай тилин жана анын диалектилерин толук өздөштүрүү үчүн [[алтай]], [[тибет]], [[моңгол]], [[манжур]] тилдерин кошо окуй баштаган. 1813-жылдан кытай жана европа тилдеринде жазылган китептерди чогултуу жана кытай тилиндеги айрым тарыхый-географиялык эмгектерди которууга киришкен. Онунчу диний миссиянын кечигишине байланыштуу Н. Бичурин Пекинде 1821-жылдын май айына чейин жүргөн жана ал жакта чогултулган кол жазма, архив, китептердин жалпы салмагы 6 тоннадан ашык болуп, Россияга кайтарында аны чек арага чейин жеткирүү үчүн 15 төө жалдоого туура келген. Россияга кайтып келери менен ага «диний ишмердүүлүккө кыянаттык кылган» деген айып тагылып, бир жылдан ашык тергөө жүргөндөн 1823-жылы Ваалам монастырына сүргүнгө айдалган. Ушул мезгилдерде Н. Я. Бичурин баш-оту менен илимий иштерге берилип, аты-жөнүн көргөзбөстөн Кытай тууралуу «Сибирь жарчысы» деген журналга бир нече макала жарыялаган. Мындан тышкары орус тилинде 8 томдон турган «Цзы-чжи тхун-цзянь ган-му» аттуу [[Кытай империясы]]нын летописи, бир томдук «Мин династиясынын тарыхы», эки томдуу «Кытай, Корея, Манжурия, Моңголия, Жуңгария, Чыгыш Түркстан, Күкүнор жана Тибет жерлерин кошо камтыган Кытай империясынын географиясы», алты томдук орус тилине которулган «Кытай сөздүгү» ж.б. сыяктуу котормо, кол жазмалардын үстүндө иштеген. Ушул учурларда Н. Бичуриндин айрым макала, котормолорун француз окумуштуу-изилдөөчүлөрү колдонуп, кызуу талкуулар жаралган. Кытай тили боюнча мыкты адис катары орустун окумуштуу-илимпоз, академиктер (Х. Д. Френ, Ф. И. Круг, Я. И. Шмидт, О. И. Сенковский ж.б.) чөйрөсүнө да тааныла баштаган. Натыйжада Россия империясынын Тышкы иштер министри граф К. В. Нессельроденин өтүнүчүнө ылайык император [[Николай I]]нин буйругу менен 1826-жылы Азия департаментине кызматка дайындалган. 1828-жылы Байыркы Чыгыш жана адабият тармагы боюнча Орус Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттигине шайланып, ошол эле жылы орус тилинде 2 томдуу «Моңголия жөнүндө баян», 1829-жылы «Жуңгария (Чжуньгария) жана Чыгыш Түркстандын сүрөттөлүшү» аттуу эмгектери жарык көргөн. Илимге өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Н. Я. Бичурин жыл сайын тапшырылчу мамлекеттик эмес Демидов сыйлыгына үч жолу (1835, 1839, 1849) татыктуу болгон. Негизинен ал кытай таануу илими гана эмес, Борбордук Азиянын, анын ичинде кыргыз тарыхын (кара: [[Байыркы кыргыздар]]) изилдөөгө зор салым кошкон алгачкы окумуштуулардын бири болуп саналат. «Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы» (Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена) деген көлөмдүү тарыхый эмгегин 1847-жылы аяктап, үч томдук түрүндө алгачкы жолу 1851-жылы басылып чыккан жана ошол замат эле өтө сейрек кездешүүчү библиографиялык эмгектердин бирине айланган. Анын эмгегнде негизинен байыркы жана орто кылымдардагы түрк тилдүү [[гунндар]] (сюнну), [[динлин]], [[уйгур]], [[карлук]], [[түргөш]] ж. б. элдер, алардан сырткары [[моңголдор]] тууралуу баалуу тарыхый маалыматтар, ошондой эле аларга коӊшулаш кыргыздар, кытай тилиндеги «гегунь, гянь-гунь, хягясы, киликицзы, булути» ж.б. сыяктуу иероглифтердин чечмелениши берилген. Бул эмгек 2016-жылы кыргыз тилине которулуп, бир томдук болуп басылып чыккан.


Эмг.: Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л., 1950–53.  
Эмг.: Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. которгон Э. Турганбаев. Б., 2016.  


''Т. Асанов.''
''Т. Асанов.''
[[Category: 2-том, бүтө элек]]
[[Category: 2-том, бүтө элек]]

08:54, 12 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

БИЧУ́РИН Никита Яковлевич, Иаки́нф [29. 08 (9.09.) 1777, Россия империясы, Казан губерниясы, Цивиль уезди, Акулево (азыркы Типнеры) кыштагы–11 (23). 05. 1853, Россия империясы, Cанкт-Петербург шаары) – орус чыгыш таануучусу (синолог), орустун православ чиркөөсүнүн архимандрити (1802–1823), Петербург ИАнын корреспондент мүчөсү (1828), Париждеги Азия коомунун ардактуу мүчөсү (1831).

Улуту чуваш, атасы Яков Данилов Бичурино (Пичурино) кыштагында орус чиркөөсүнүн диакону кызматын аткарган. Никита 1785-жылы Казан шаарындагы семинарияга (1797-жылдан академия) кирип, кабыл алынган балдар атасы эмес, кайсы округ, же кыштак, же чиркөөнүн атынан катталууга жаткан шаардык епархиянын жобосуна ылайык «Бичурин» деген жаңы фамилияга ээ болгон. Ал жерде окуучулар диний таалим-тарбия жана ыр-хор сыяктуу сабактардан тышкары байыркы грек, латын, ошондой эле немец, француз тилдерин окуп үйрөнүшкөн. 1799-жылы ал академияны артыкчылык менен бүтүрүп, ошол эле жерде грамматикалык класстын окутуучусу болуп калган. 1800-жылы «Иакинф» деген жаңы ысым менен кечилдикти кабыл алып, 1801-жылы иеромонах наамына жеткен. 1802-жылы архимандрит наамын алып, Иркутск шаарындагы диний семинариянын ректорлугуна дайындалган. Диний кызмат үстүндө кетирилген күнөөсү үчүн 1806-жылы жөнөкөй мугалим катары Тоболь шаарындагы семинарияга которулган. Кытай тилине катуу кызыкканына байланыштуу 1805-жылы Кытайга бара турган граф Ю. А. Головкин жетектеген элчиликтин тизмесине кирген, бирок ал иш аягына чыкпай калып, 1807-жылы православ дининин тогузунчу миссиясынын башчылыгына дайындалган. 1808-жылы Пекинге келери менен кытай тилин жана анын диалектилерин толук өздөштүрүү үчүн алтай, тибет, моңгол, манжур тилдерин кошо окуй баштаган. 1813-жылдан кытай жана европа тилдеринде жазылган китептерди чогултуу жана кытай тилиндеги айрым тарыхый-географиялык эмгектерди которууга киришкен. Онунчу диний миссиянын кечигишине байланыштуу Н. Бичурин Пекинде 1821-жылдын май айына чейин жүргөн жана ал жакта чогултулган кол жазма, архив, китептердин жалпы салмагы 6 тоннадан ашык болуп, Россияга кайтарында аны чек арага чейин жеткирүү үчүн 15 төө жалдоого туура келген. Россияга кайтып келери менен ага «диний ишмердүүлүккө кыянаттык кылган» деген айып тагылып, бир жылдан ашык тергөө жүргөндөн 1823-жылы Ваалам монастырына сүргүнгө айдалган. Ушул мезгилдерде Н. Я. Бичурин баш-оту менен илимий иштерге берилип, аты-жөнүн көргөзбөстөн Кытай тууралуу «Сибирь жарчысы» деген журналга бир нече макала жарыялаган. Мындан тышкары орус тилинде 8 томдон турган «Цзы-чжи тхун-цзянь ган-му» аттуу Кытай империясынын летописи, бир томдук «Мин династиясынын тарыхы», эки томдуу «Кытай, Корея, Манжурия, Моңголия, Жуңгария, Чыгыш Түркстан, Күкүнор жана Тибет жерлерин кошо камтыган Кытай империясынын географиясы», алты томдук орус тилине которулган «Кытай сөздүгү» ж.б. сыяктуу котормо, кол жазмалардын үстүндө иштеген. Ушул учурларда Н. Бичуриндин айрым макала, котормолорун француз окумуштуу-изилдөөчүлөрү колдонуп, кызуу талкуулар жаралган. Кытай тили боюнча мыкты адис катары орустун окумуштуу-илимпоз, академиктер (Х. Д. Френ, Ф. И. Круг, Я. И. Шмидт, О. И. Сенковский ж.б.) чөйрөсүнө да тааныла баштаган. Натыйжада Россия империясынын Тышкы иштер министри граф К. В. Нессельроденин өтүнүчүнө ылайык император Николай Iнин буйругу менен 1826-жылы Азия департаментине кызматка дайындалган. 1828-жылы Байыркы Чыгыш жана адабият тармагы боюнча Орус Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттигине шайланып, ошол эле жылы орус тилинде 2 томдуу «Моңголия жөнүндө баян», 1829-жылы «Жуңгария (Чжуньгария) жана Чыгыш Түркстандын сүрөттөлүшү» аттуу эмгектери жарык көргөн. Илимге өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Н. Я. Бичурин жыл сайын тапшырылчу мамлекеттик эмес Демидов сыйлыгына үч жолу (1835, 1839, 1849) татыктуу болгон. Негизинен ал кытай таануу илими гана эмес, Борбордук Азиянын, анын ичинде кыргыз тарыхын (кара: Байыркы кыргыздар) изилдөөгө зор салым кошкон алгачкы окумуштуулардын бири болуп саналат. «Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы» (Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена) деген көлөмдүү тарыхый эмгегин 1847-жылы аяктап, үч томдук түрүндө алгачкы жолу 1851-жылы басылып чыккан жана ошол замат эле өтө сейрек кездешүүчү библиографиялык эмгектердин бирине айланган. Анын эмгегнде негизинен байыркы жана орто кылымдардагы түрк тилдүү гунндар (сюнну), динлин, уйгур, карлук, түргөш ж. б. элдер, алардан сырткары моңголдор тууралуу баалуу тарыхый маалыматтар, ошондой эле аларга коӊшулаш кыргыздар, кытай тилиндеги «гегунь, гянь-гунь, хягясы, киликицзы, булути» ж.б. сыяктуу иероглифтердин чечмелениши берилген. Бул эмгек 2016-жылы кыргыз тилине которулуп, бир томдук болуп басылып чыккан.

Эмг.: Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. которгон Э. Турганбаев. Б., 2016.

Т. Асанов.