ВАЛЮТА CЕБЕТИ: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
ВАЛ́ЮТА CЕБЕТИ – улуттук валютанын валюта курсун эсептөө максатында колдонулуучу валютанын белгиленген топтому. Топтомдогу валютанын саны‚ алардын курамы‚ о. эле валюта бөлүкчөлөрүнүн чоӊдугу өлчөнгөн орточо курсту белгилөө маселесине жараша аныкталат. В. с-н эсептөөдө ошол өлкөнүн жалпы улуттук дүӊ продуктудагы‚ өлкөлөрдүн белгилүү бир тобунун тышкы соода айланымындагы үлүшүнүн көрсөткүчү өзгөчө «салмак» катары чыгат. В. с. негизинде курулган эл аралык эсеп бирдиктери: беш улуттук валютаны камтыган (АКШ доллары‚ ГФР маркасы‚ япон иенасы‚ француз франкы‚ англ. фунт стерлинги) «Өздөштүрүүнүн атайын укугу» (CДР) ж-а Европа валюта системасы (ЭКЮ). 1989-ж. расмий валюта резервдеринин жалпы суммасы 340 млрд CДРди түзгөн‚ а. и. Японияда – 60‚3‚ Германияда – 42‚6‚ АКШда – 33‚2.