«БЕРМУДА ҮЧ БУРЧТУГУ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''«БЕРМУ́ДА ҮЧ БУРЧТУГУ»''' – Атлантика океа­нындагы навигация үчүн өтө татаал табигый кубулуштар болуп туруучу суу мейкиндиги. Флорида | '''«БЕРМУ́ДА ҮЧ БУРЧТУГУ»''' – Атлантика океа­нындагы навигация үчүн өтө татаал табигый кубулуштар болуп туруучу суу мейкиндиги. Флорида жарым аралынын Бермуда, Пуэрто-Рико аралдарынын ара­лыгын камтыйт. Бул аймакта зор суу иримде­ри (ринг агымдары), тик багытта ыкчам оош­кон аба массасы, өтө тез пайда болуп, кайра тез жок болуп кетүүчү деңиз куюндары, кадимки ак булуттан пайда болгон чагылган, ачык ас­мандын турбуленттүүлүгү ж. б. кубулуштар тез-­тез кайталанып турат. Натыйжада кемелер же алардын экипаждары, самолёттор ж. б. аппа­раттар белгисиз себептерден дайынсыз жогол­гондугу же апаатка арбын учуроосу көп кат­талган. «Үч бурчтук» аймагында суу айрыкча көгүлтүр, тунук. Изилдөөлөрдүн негизинде де­ңиз суусунун температурасы 500 ''м'' тереңдикке че­йин бир калыпта (18°С) экендиги аныкталды. Акватория ихтиофаунага, суу балырларына ж-а маржанга (кораллга) бай. Мындай татаал таби­гый кубулуштардын пайда болуу себептери боюнча бир нече божомол бар. Алардын негизгиле­ри: 1) мындагы бардык кубулуштардын себеби океан түбүнөн бөлүнүп чыккан метан газы; океан түбүнөн көтөрүлгөн метан газы өзү м-н кошо фос- | ||
[[File:«БЕРМУДА ҮЧ БУРЧТУГУ»84.png | thumb | Бермуда үч бурчтугундагы навигациялык кубулуш­тардын бири.]] фин (фосфор м-н суутектин газ абалындагы) бирикмесин ала чыгат, натыйжада күйүүгө түздөн-түз шарт түзүлөт; 2) мындагы кубулуш­тар Атлантика океанындагы | [[File:«БЕРМУДА ҮЧ БУРЧТУГУ»84.png | thumb | Бермуда үч бурчтугундагы навигациялык кубулуш­тардын бири.]] фин (фосфор м-н суутектин газ абалындагы) бирикмесин ала чыгат, натыйжада күйүүгө түздөн-түз шарт түзүлөт; 2) мындагы кубулуш­тар Атлантика океанындагы «Бермуда үч бурчтугу» аркылуу | ||
өткөн | өткөн тектоникалык жаракага байланыштуу; бул аймакта жылына 50 миңден ашык жер ти­тирөө болуп турат, ошондой эле жаракага жакын жай­гашкан жанар тоолор атылганда түркүн газ­дардын деңиз үстүнө бөлүнүп чыгышы; 3) бар­дык кубулуштар «Үч бурчтуктун» тегерегинде болуп жаткан магниттик аномалияга байла­ныштуу. | ||
Ад.: ''Лесняк Е., Дорошенко А.'' НЛО и Бермудский | Ад.: ''Лесняк Е., Дорошенко А.'' НЛО и Бермудский треугольник. НиТ, 2000; ''Куше Л.'' Бермудский тре­угольник: мифы и реальность. НиТ, 2002; ''Островский Б. Ч.'' Бермудский треугольник: какая гипотеза ближе к истине? НиТ, 2004. | ||
треугольник. НиТ, 2000; ''Куше Л.'' Бермудский тре­угольник: мифы и реальность. НиТ, 2002; ''Островский Б. Ч.'' Бермудский треугольник: какая гипотеза ближе к истине? НиТ, 2004. | |||
''Ө. Бараталиев''. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
03:48, 17 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
«БЕРМУ́ДА ҮЧ БУРЧТУГУ» – Атлантика океанындагы навигация үчүн өтө татаал табигый кубулуштар болуп туруучу суу мейкиндиги. Флорида жарым аралынын Бермуда, Пуэрто-Рико аралдарынын аралыгын камтыйт. Бул аймакта зор суу иримдери (ринг агымдары), тик багытта ыкчам оошкон аба массасы, өтө тез пайда болуп, кайра тез жок болуп кетүүчү деңиз куюндары, кадимки ак булуттан пайда болгон чагылган, ачык асмандын турбуленттүүлүгү ж. б. кубулуштар тез-тез кайталанып турат. Натыйжада кемелер же алардын экипаждары, самолёттор ж. б. аппараттар белгисиз себептерден дайынсыз жоголгондугу же апаатка арбын учуроосу көп катталган. «Үч бурчтук» аймагында суу айрыкча көгүлтүр, тунук. Изилдөөлөрдүн негизинде деңиз суусунун температурасы 500 м тереңдикке чейин бир калыпта (18°С) экендиги аныкталды. Акватория ихтиофаунага, суу балырларына ж-а маржанга (кораллга) бай. Мындай татаал табигый кубулуштардын пайда болуу себептери боюнча бир нече божомол бар. Алардын негизгилери: 1) мындагы бардык кубулуштардын себеби океан түбүнөн бөлүнүп чыккан метан газы; океан түбүнөн көтөрүлгөн метан газы өзү м-н кошо фос-

фин (фосфор м-н суутектин газ абалындагы) бирикмесин ала чыгат, натыйжада күйүүгө түздөн-түз шарт түзүлөт; 2) мындагы кубулуштар Атлантика океанындагы «Бермуда үч бурчтугу» аркылуу
өткөн тектоникалык жаракага байланыштуу; бул аймакта жылына 50 миңден ашык жер титирөө болуп турат, ошондой эле жаракага жакын жайгашкан жанар тоолор атылганда түркүн газдардын деңиз үстүнө бөлүнүп чыгышы; 3) бардык кубулуштар «Үч бурчтуктун» тегерегинде болуп жаткан магниттик аномалияга байланыштуу.
Ад.: Лесняк Е., Дорошенко А. НЛО и Бермудский треугольник. НиТ, 2000; Куше Л. Бермудский треугольник: мифы и реальность. НиТ, 2002; Островский Б. Ч. Бермудский треугольник: какая гипотеза ближе к истине? НиТ, 2004.
Ө. Бараталиев.