БЕТПАК-ТАЛАА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БЕТПАКТАЛАА to БЕТПАК-ТАЛАА) |
(Айырма жок)
|
08:43, 18 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БЕТПАК-ТАЛАА , Б е т п а к - Д а л а а, Т ү н д ү к А ч Т а л а а – Казакстандагы чөл. Сары-Суу, Чүй дарыялары м-н Балкаш көлүнүн аралыгында. Аянты 75 миң км2дей. Бийиктиги 974 мге чейин (Жамбыл чокусу). Чыгыш бөлүгү – Сарарканын уландысы. Батыш бөлүгүндөгү чополуу-баялыш-шыбактуу чөл өсүмдүктөрү чыгышында таштак чөлгө өтөт. Шор, такыр жерлер, туздуу көлдөр кездешет. Жазгы ж-а күзгү жайыт. Бетпак-Талаанын фаунасын сактоо максатында заказник, коруктар уюшулган.