ДАВАН МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДАВАН МАМЛЕКЕТИ , П а р к а н а – б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын акырында Фергана өрөөнүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоӊ, кичине шаарлары 70тен ашып, борбору Эрши ш. болгон. Калкынын саны болжол м-н 300 миӊден ашып, алар чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары шалы, буудай, беде, гозо эккен. Жемиш бактары, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары м-н да- ӊазаланган. Д. м. Улуу Жибек жолу калыптанганга чейин Чыгыш Түркстан м-н соода байланышын түзгөн (Фергана, Алай ж-а Борб. Теӊир- Тоодогу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теӊгелери арбын табылган). Кытай булактарында: «давандыктар Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан» делет. Б. з. ч. 128-ж. кытай элчиси Чжан Цань усундар өлкөсүнөн Нарын д-н бойлой Д. м-не келген. Д. м. ж-дө маалымат кытай императоруна ушул элчи аркылуу жеткен. Д. м-н каратып алууга ж-а алардын асыл тукум жылкыларына кызыккан Хань императору Ли Гуанлинин жетекчилиги астында б. з. ч. 103-ж. жортуул уюштурган. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Д. м-нин чыгыш чек арасында жайгашкан Ю ш-на (азыркы Өзгөндөн 8 км түн. тарапта, Шоро-Башат кышна жакын) жетип, шаарды зор кыйынчылык м-н багынткан. Бирок, көп өтпөй кытай аскери чегинип кеткен. Ли Гуанли башында турган жүз миӊ аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу м-н б. з. ч. 101-ж. жөнөтүлгөн. Ли Гуанли колун экиге бөлүп, бир бөлүгүн Эрши, экинчисин Ю ш-на жөнөткөн. Сан жагынан аз болгонуна карабай, Ю ш-нын тургундары катуу каршылык кылып, Эршини болсо кытайлар 40 күн курчоого алып, дарыяны бууп, суусуз калтырышкан. Падыша Мугуа чыккынчылык м-н өлтүрүлүп, элдешүүнүн белгиси катары анын башы Ли Гуанга жиберилген. Тактыга Моцай төрө олтурат. Бирок Эрши ш-нын жашоочулары толук багынган эмес. Ал эми Ю ш-нын тургундары Кытай м-н түзүлгөн тынчтык келишимге каршы турган. Натыйжада Ли Гуанли бул жакка чоӊ күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю ш-н зор кыйынчылыктар м-н ээлешкен. Бул жортуулда кытайлар 90 миӊ колунан ажырап, колго түшкөн 3 миӊ аргымактын миӊин гана императоруна жеткиришкен. Ли Гуанлинин аскери кайтып кетери м-н Д. м. Хан империясынын таасиринен чыгып, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган. Эрши ш. катуу бүлгүнгө учурагандыктан, кийин борборду кайра Гуйшан шна (мурунку борбору) көчүрүшкөн. Б. з. ч. 42– 36-ж. түн. хунндардын шанүйү Чжичжи чапкын уюштурат, бирок Д. м-н баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-к-нын ортосунда Жаркентке (Чыгыш Түркстан) убактылуу баш ийип, 3–5-к-да өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5-к-нын ортосунда Фергана өрөөнү толугу м-н эфталиттерге карап, 5-к-дын аягында Кушан империясынын карамагына кирип, толук бойдон жоюлган. Т. Жуманалиев.