ДАГСТАН: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДАГСТАН , Д а г с т а н Р е с п у б л и к а с ы Россия Федерациясынын курамында. Россиянын Европа бөлүгүнүн эӊ түштүгүндө жайгашкан. Грузия, Азербайжан м-н чектешет. Түш.-чыгышын Каспий деӊизи чулгайт. Аянты 50,3 миӊ км2. Калкы 2,6 млн (2006); негизинен авар, даргин, кумык, лезгин, орус, лат, табасаран, чечен, азербайжан ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Динге ишенгендеринин көбү – мусулман. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 52,1 киши. Борбору – Махачкала ш. Шаар калкы 42,7%. Ири шаарлары: Дербент, Хасавюрт, Буйнакск, Кизляр. Адм.-айм. жактан 41 районго, 10 шаарга, 18 шаарчага бөлүнөт. Түн. Кавказдын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Эӊ бийик жери – Базардюзю чокусу (бийикт. 4466 м). Январдын орт. темп-расы 1°Сден–11°Сге чейин (тоолордо), июлдуку 24°С (түздүктөрдө). Жылдык орт. жаан-чачыны 200–800 мм. Ири дарыялары: Терек, Сулак, Самур. Ойдуӊдары коӊур,

тоолору тоо-талаа, тоо-токой күрөӊ ж-а тоо-шалбаа топурактуу. Чөл зонасы тоо таянган сайын жазы жалбырактуу (эмен, бук, граб) ж-а аралаш токой м-н алмашат; жогору жагы субальп ж-а альп шалбаалуу. Табияты калктын жашоо шартына ыӊгайлуу. Нефть, күйүүчү газ, таш көмүр, кара, түстүү (жез колчеданы) ж-а сейрек кездешүүчү (стронций) металлдар, ар түрдүү курулуш материалдары казылып алынат. Минералдык булактары көп. Берикей көлүндө дары баткак кени бар.
Конституциясы 2003-ж. кабыл алынган. Мамл. бийликти Элдик чогулуш (парламент), Мамл. кеӊеш, өкмөт ж. б. органдар жүзөгө ашы рат.
Д-нын аймагын адамдар палеолит доорунан эле жердеген. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын аягында леги, гелы, утин уруулары Чыгыш Закавказьедеги ири мамлекети – Кавказ Албаниясынын курамына кирген. 3-к-да Түш. Д-ды азыркы Дербентке чейин Сасаниддер державасы, ал эми 4-к-да Дербенттен түн. жактагы аймактарды хунндар ээлеген. 664-жылдан баштап Д-нын аймагына арабдардын жортуулдары башталган, багындырылган жерг. элдер ислам динин кабыл алышкан. 12-к-дын аяк ченинде Д-да Авар хандыгы, Казикумут шамхалдыгы сыяктуу бир нече майда саясий бирикмелер түзүлгөн. 13-к-дын башында моӊгол-татарлар басып алган. 14-к-да Д-га бир нече жолу Өзбек, Токтомуш ж-а Темирдин аскерлери басып кирген. 1813-ж. Гүлстан келишими б-ча Россияга каратылган. Падышалык Россиянын колониялык саясатына каршы тоолуктардын күрөшүн мюридизм урааны м-н Д-нын имамдары – Гази- Магомед (1828–32), Гамзат-бек (1832–34) ж-а Шамиль (1834–59) жетектеген ж-а Д-нын көпчүлүк аймагын, Чеченстанды камтыган теократиялык мамлекет–имаматтүзүлгөн.1817–64-ж.тоолуктардын боштондук үчүн күрөшү басылган ж-а 1860-ж. Д. облусу түзүлгөн. 1918–20-ж. Д. Немис ж-а түрк аскерлери, ак гвардиячылар тарабынан басып алынган. 1921-ж. 20-январда РСФСРдин курамында Д. АССРи түзүлгөн. 1991-ж. респ-нын Жогорку Кеӊеши Д-ды Дагстан Респ-сы деп атоо ж-дө чечим кабыл алган. Аймактык дүӊ продукцияда ө. ж-дын үлүшү 15,7%ти түзөт. Башкы ө. ж. тармактары: тамак-аш (шарап жасоого, консервалоого адистешкен; ири өндүрүштөрү: «Дагстан нан азык», «Кизлярагрокомплекс» – сүт азыктары, «Дербент коньяк комбинаты», «Турали» – минералдык суу, «Денеб» – алкоголсуз ичимдик), отун (жылына 0,4 млн т нефть, 700 млн м3 газ өндүрүлөт), машина куруу, металл иштетүү (13,3%), электр энергетика (21,1%), хим., нефть-хим. (3,3%), курулуш материалдар (4,0%), жеӊил ө. ж-лары, ААК «Дагвтормет» (металл таштандыларын иштетүү), «Дагогни» айнек з-ду иштейт. А. ч-га
жарактуу жери 3363,0 миӊ га, а. и. 15% айдоо аянты. Дан эгининин аянты 312,5 миӊ га (а. и. буудай 54,5%), тоют өсүмдүктөрү (27,4%), картөшкө, жашылча, бакча өсүмдүктөрү (17,3%) өстүрүлөт. Д-дын түштүгүндө жылына эки жолу түшүм алынат. Мөмө-жемиш өстүрүү, жүзүмчүлүк өнүккөн. Мал чарбасы эт-жүн, эт-сүт багытында. Кой чарбасы өнүгүүдө (Россияда алдыӊкы орунда турат). Темир жолунун уз. 619 км. Респ-нын аймагы аркылуу Ростов – Баку темир жолу, «Кавказ» федерация автомобиль жолу, Баку – Новороссийск нефть куур магистралы өтөт. Башкы деӊиз порту – Махачкала (Россиянын тоӊбогон жалгыз порту), Махачкаладан 20 км аралыкта Уйташ эл аралык аэропорту жайгашкан. Д-да 1600 жалпы билим берүүчү мектеп (а. и. 58 негизги ж-а орто билим берүүчү), чак), филармония, музейлер, китепканалар (а. и. азиздер үчүн) бар. Цитадель, эски шаар, Дербент чеби сакталган.