ДАН ӨСҮМДҮКТӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДАН ӨСҮМДҮКТӨРҮ (Gramineae) – өсүмдүктөр­дүн бир үлүштүүлөр классындагы тукуму. Бир, эки же көп жылдык чөп, айрымдары бадал же дарак (бамбук). Сабагы түбүнөн бутактайт, тик же төшөлмө, муунактуу, жумуру, муун аралы­гы көӊдөй, бийикт. 1 мден 40 мге чейин жетет. Жалбырагы узун, ичке, кезектешип, эки катар жайгашып муунагынан өсүп чыгат, көпчүлүгүнүн жалбырак кучагы ачык, айрымдарыныкы жа­бык болот. Топ гүлү – машак (буудай, кара буу­дай), султан (ат конок), шыпыргы (таруу, сулу), сото (жүгөрү) ж. б. Көпчүлүгү эки жыныстуу, кээде бир жыныстуу (эки үйлүүсү да кездешет). Гүл тобунда 1ден 30га чейин гүл болот. Шамал аркылуу же өзү м-н өзү чаӊдашат. Көпчүлүгүнүн мөмөсү дан, айрымдары жаӊгакча, жемиш сы­мал, уругу крахмалдуу. Д. ө. тамыр сабактуу, нык (түптүү) ж-а борпоӊ дүӊгөлүү болуп бөлүнөт. Айрымдарында (буудайык, буудайдын бир нече түрү, кара кыяк ж. б.) кыртыштын үстүнкү кат­марындагы тамыр бүчүрүнөн жаӊы өркүн өсөт. Кыртыш астындагы муунактарынан жаӊы та­мыр пайда болот. Нык дүӊгөлүүлөрдүн (бетеге, чий, көдөө ж. б.) түптөнүү түйүнү кыртыштын үстүндө болуп, бири-бирине жакын ыкташып өсөт. Борпоӊ дүӊгөлүү Д. ө-нүн (ат конок, ко­нок баш ж. б.) өркүндөрү кыртыш астындагы түптөнүү түйүнүнөн өсүп чыгат. Өркүндөрүнүн өзгөчөлүгүнө жараша бийик (ат конок, кызыл от, буудайык ж. б.) ж-а жапыз (бетеге, шалбаа жылгыны) болуп бөлүнөт. Биринчиси чабын­ды, экинчиси жайыт катары пайдаланылат. Д. ө-нүн 650дөй уруусу, 10 000дей түрү бар. Кырг-нда 74 уруусу (250 түрү) өсөт. Адам турму­шунда көбүнчө дан эгиндери (буудай, арпа, сулу, таруу, жүгөрү ж. б.) чоӊ мааниге ээ. Жапайы ж-а эгилме Д. ө-нүн малдын негизги тоюту (бе­теге, кызыл от, ат конок ж. б.) катары да маа­ниси зор. Эгилме Д. ө. морфол. ж-а биол. белги­лери б-ча 2 топко: накта (арпа, буудай, кара буудай, сулу) ж-а таруу сымал (таруу, шалы, жүгөрү, сорго, чумиза) болуп бөлүнөт. Д. ө. өнү­шү ж-а өсүшү бирдей эмес, даны эгин деп ата­лып, эгиндүү өсүмдүктөр болуп саналат. Алар өсүү мезгилине жараша күздүк, эрте жаздык ж-а кеч жаздык болуп бөлүнөт. Күздүктөрү арпа, буудай, кара буудай. Буларда 2 – күзгү (45–50 күндүк) ж-а эрте жазгы (75–100 күндүк) өсүү мезгили болот. Күзүндө эгиндин негизги орган­дары – тамыры, сабагы, жалбырагы калыпта­нат. Активдүү өсүшү жалпысынан 120–150 күнгө созулат. Күздүк эгин өсүмдүктөрү жаздык эгин­дерге караганда 10–15 күн эрте бышат. Эӊ эле эрте арпа, андан кийин кара буудай, акырында буудай бышат. Эрте жаздык Д. ө. – арпа, буу­дай, кара буудай, сулу эрте себилип, эрте быш­кандыктан, ушундайча аталат (Түн. Казакстан

м-н Батыш ж-а Чыгыш Сибирде май айында себилсе да, эрте бышат). Кеч жаздык Д. ө. – таруу, жүгөрү, сорго, шалы. Булардын уругу өнүш үчүн темп-ра жогору болуш керек, суукка байымсыз. Ошондуктан алар жазгы эгиндерден кийин – таруу м-н жүгөрү топурактын үстүнкү катмарындагы темп-ра 10–12°Сге, сорго м-н шалы 12–15°Сге жеткенде себилет. Ным, жы­луулук жетишерлик болсо, Д. э-нин үрөнү (кү­рүчтөн башкасыныкы) дээрлик бирдей мезгил­де – 4–5 күндө өнүп чыгат. Кырг-н дыйканчы­лык ил.- из. ин-тунда буудай, арпа ж. б-дын ар кандай сорттору чыгарылып, респ-да райондош­турулган. Дүйнө калкынын 70%тейи буудай, калганы күрүч азыгы м-н тамактанат. Д. э-нде алардын баалуулугун көрсөтүүчү белок, углевод көп. Р, РР витаминдери ж-а А провитамини бар. Д. ө-нүн 23 түрү мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган, к. Арпа, Буудай, Кара буу­дай, Жүгөрү, Шалы, Сулу ж. б.

Ад.: Пути повышения урожайности зерновых коло­совых культур. М., 1966; Цвелев Н. Н. Злаки СССР. Л., 1976. Справочник по апробации и основам семеноводства зерновых и зернобововых культур. Ф., 1986. Ш. Токтокожоев, К. Шалпыков.