ГРИБОЕДОВ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРИБОЕ́ДОВ Александр Сергеевич [4(15). 1. 1795, Москва – 30.1(11. 2). 1829, Иран, Тегеран) – орус акын-жазуучусу ж-а дипломат, драматург, пианист, композитор, дворян. Москва ун-тинин көркөм сөз ж-а юридика ф-тин бүтүргөн (1810), кийин физика-математика ф-тинде окуган. Көп чет тилди билген. Студент кезинде болочок де-

кабристтерге жакындашкан ж-а А. С. Пушкин, В. А. Чаадаев м-н тааныш болгон. Алгачкы чыгармалары: «Жаш жубайлар» (1815), «Студент» (1817, П. А. Котеинин м-н бирге) комедиялары ж-а памфлеттер, о. эле бир нече адабий сын макалалардын, ырлардын ж-а муз. чыгармалардын автору. 1818-жылдан Тегеранда, 1822-жылдан Тбилисиде дипл. кызматта иштеген. Тбилисиде атактуу «Акылдан азап» комедиясын баштап, 1824-ж. Петербургда бүтүргөн. Комедия убагында өтө күчтүү коомдук кадыр-барк алып, басылып чыга электе эле элге кол жазма түрүндө тарап кеткен. 1828-ж. Иранга дипл. ишке (элчи) жиберилген. Англ. дипломаттар м-н Тегерандагы реакциячыл чөйрөлөр тукурган фанатиктер орус миссиясын талкалаганда, Г. киши колдуу болуп өлгөн. Сөөгү Тбилисидеги Давид тоосуна коюлган. Г-дун «Акылдан азап» комедиясы кыргыз тилине которулуп, кыргыз драма театрында коюлган (1966). Чацкийдин ролун Кыргыз ССР эл арт. А. Өмүралиев аткарган. Ыйык Анна II даражадагы ордени (1828), I-, II-даражадагы Арстан жана Күн ордени м-н (1819, 1829, Персия) башка ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган. Анын ысмы Россиянын бир нече шаарларынын көчөлөрүнө коюлган ж-а музейлер бар.