ГРИГОРЕНКО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГРИГОРЕ́НКО Пётр Герасимович [18.1(5.2).1910, Жамбыл – 1990, Фрунзе] – геолог, геол.-мине

ралогия илимд. доктору (1968), проф. (1960), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1965). О. Азиянын гидрогеологиясы ж-а инж. геология б-ча көрүнүктүү адис. О. Азия индустрия ин-тунун геол. ф-тин бүтүргөн (1932). Кыргыз ССР геол. Башкармалыгында гидрогеол. Экспедициясынын начальниги (1940), Кыргыз ССР ИАнын Геология ин-тунун сектор башчысы (1948-жылдан). Г. эл чарбасында мааниси зор проблемалардын бири – респ-нын гидрогеологиясы ж-а инж. Геологиясы б-ча комплекстүү ил.-из. иштерин жүргүзгөн. 50дөн ашык ил. эмгектин автору ж-а гидрогеология б-ча айрым монографиялык жыйнактардын («Гидрогеология СССР», 40 т. ж. б.) редактору. Кырг-ндын гидрогеол. картасын түзүүгө катышкан. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Эмг.: Подземные воды бассейна р. Чу и перспективы их использования. Ф., 1979.