ДЕВОН МЕЗГИЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕВО́Н МЕЗГИЛИ (системасы), д е в о н – па­леозой заманынын ортосундагы геол. мезгил; жер кыртышындагы тоо тек катмарларынын па­леозой тобундагы системасы. Силур мезгилинен (системасынан) кийин, таш көмүр мезгилинен (системасынан) мурда турат. 1839-ж. англ. гео­логдор Р. Мурчисон ж-а А. Седжвик Улуу Бри­таниянын Девоншир графтыгынын аймагында өз алдынча системага бөлүп, аны ошол граф­тыктын аты м-н атаган. Д. м. 410 млн жыл мурда башталып, узактыгы 60 млн жылга жа­кын созулган. Анда пай­да болгон тоотек катмар­лары 3 бөлүмгө (астыӊ- кы, ортоӊку ж-а үстүӊкү), 7 яруска ажыратылган, алардын астынкы 3 яру­су азырынча толук анык­тала элек. к. таблица. Д. м-нин башталышында мурда болуп өткөн кале­дон тектон. бүктөлүүлө­рүнүн таасиринен жер бе­тинин көп бөлүгү көтөрү­лүп, деӊиздер тартыла

Девон системасынын (мезгилинин) страти­графиялык бөлүнүү схемасы

баштаган. Ал жерлерде байыркы кумдук чопо­лордон түзүлгөн кызыл түстүү лагуна-континен­ттик чөкмөлөрдүн калыӊ катмарлары пайда болгон. Д. м-нин ортосунда ж-а аяк ченинде платформалар м-н геосинклиналдарда жер бети кайрадан чөгүп, суу каптай баштаган. Д. м-нде көпчүлүк жерде, айрыкча геосинклиналь аймак­тарда магманын сыртка атылып чыгышынан тоотектер түзүлгөн; айрым жерде галоген чөкмө­лөрүнүн (доломит, гипс, ангидрит, таш туз ж. б.) топтолуусу жүргөн. Д. м-нде жаныбарлар ж-а өсүмдүктөр дүйнөсү силур мезгилине караганда кескин өзгөрүүлөргө учураган. Жаныбарлардан брахиоподдор өтө өөрчүп, анын теребратулид, продуктид сыяктуу жаӊы түрлөрү чыккан. Спи­рифериддер м-н ринхонеллиддер кеӊири тара­ган. Атрипиддер м-н пентамериддер девондун аягында толук кырылып калган. Граптолиттер мезгилдин башталышында жашаган. Гониатит­тер м-н климениялар жаӊыдан пайда болгон. Кораллдар болсо дагы эле чоӊ роль ойногон. Мол­люскалар, мшанкалар, фораминифералар мур­дагыдай эле жашоосун уланткан. Зор өлчөмдөгү рак сымалдардын өнүгүүсү күчөгөн. Омуртка­луулардан баш сөөксүз ж-а азыркы балыктар өнүгүп, Д. м-нде чоӊ мааниге ээ болгон. Өсүм­дүктөрдөн мезгилдин аягында жок болгон пси­лофиттер, жаӊыдан пайда болгон папоротник сымалдар, птеридоспермдер, плаундар ж-а кырк муундар кеӊири таралган. Кен байлыктардан не­гизинен нефть м-н газ, таш туз м-н гипстин ири катмарлары, боксит, таш көмүр ж-а күйүүчү сла­нецтер, жездүү кумдуктар, темир-марганец ж-а коргошун кенташтары пайда болгон. Кырг-нда деӊиз түбүндө акиташ теги м-н бирге хим. чөк­мөлөр түрүндө пайда болгон бир нече коргошун кени Д. м-нин полиметалл-карбонаттар фор­мациясында жайгашкан.

Ад.: Геологические строение СССР. Т. 1 – Страти­графия. М., 1968; Чарыгин М. М., Васильев Ю. М. Общая и историческая геология. М., 1968; Асана­лиев У. Литология и рудоносность девонских и нижне­каменноугольных отложений Срединного Тянь-Шаня. Ф., 1974.