ДЕЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕ́ЛИ – Индиянын борбор шаары (1947-жыл­дан). Жамна д-нын боюнда, Аравали тоосунун түн.-чыгыш тармагында. Дели союздук аймагы­нын адм. борбору. Аскер кызматчылары жаша­ган Эски Делиге (же Шахжаханабад, шаардын тарыхый очогу) ж-а расмий мамл. борбор бо­луп эсептелген Жаӊы Делиге (Нью-Дели) бөлү­нөт. Калкы 11,5 млн (2007). Жолдор тоому, эл аралык аэропорту бар. Түрдүү жеӊил, хим., ай­нек-карапа, тамак-аш, курулуш материалдар, полигр., металл иштетүү, машина куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Төрт ун-т, улуттук ж-а куурчак музей-

Шардагы көчө­лөрдүн бири.

лери, улуттук заманбап гал., М. Ганди, Ж. Неру ж. б-дын мемориалдык музейлери иштейт. Ал­гач Махабхарата эпосунда эскерилет. Байыркы убакта Индрапрастха аталган. 1206-ж. Дели сул­тандыгынын, 1526-жылдан Могол империясы­нын борбору. 1803-ж. англистер басып алган. 1911–47-ж. Британиялык Индиянын борбору. Темир колонна (5-к-дын башы), Кутб Минар ми­нарети (13-к-дын башы), Кувват-ул-ислам, Жама Масжид мечиттери, Ыйык Жеймс англикан чир­көөсү (1836), Лотос храмы (1980–86), президент ак сарайы (аянты 132 га), Лал-Кила чеби («Кы­зыл форт», 17-к.), мавзолей ж. б. сакталган. Жантар-Мантар обсерваториясы (1725) иштейт.