ДЕЛИБ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕЛИ́Б Клеман Филибер Лео (21. 2. 1836, Сен- Жермен-дю-Валь – 16. 1. 1891, Париж) – француз композитору, Париж консерваториясынын проф. (1881). Франция ин-тунун мүчөсү (1884).

Париж консерваториясында окуган. 1853–72-жылдары опера театрында аккомпаниатор, чиркөөдө органист, 1865–72-ж. «Гранд-Опера» театрында экинчи хормейстер. «Булак» (Л. Минкус м-н бирдикте, 1866) ж-а Адандын «Корсар» балетиндеги (1867) дивертисменттин музыкасы м-н белгилүү болгон. Д-дин «Коппелия» (1870), «Сильвия» (1876) ж. б. балеттери коомчулукка кеӊири таанымал. Композитордун опералык чыгармаларынын эӊ көрүнүктүүсү – «Лакме» (1883). Д-дин Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында «Корсар», «Коппелия» балеттери, «Лакме» операсы коюлган.