ДЕЛИМИТАЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕЛИМИТА́ЦИЯ (delimitatio – чек араны орнотуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы чек ара сызыгынын жер бетиндеги ордун так аныктоо. Д. эл аралык келишимде белгиленет ж-а ага тиркелген картада графикалык жактан сүрөттөлөт. Д. татаал ж-а жай жүргөн процесс. Анда чектеш мамлекеттер мамл. чек ара сызыгын тактоо, аныктоо ж-а бекитүү б-ча саясий
макулдашууга жетишүүсү зарыл. Д. жүргүзүү ж-дөгү саясий макулдашуу биргелешкен коммюнике, билдирүү, меморандум ж. б. саясий документтерде жарыяланат. Мис., кыргыз-кытай чек арасы б-ча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү 1989-ж. Совет-Кытай, 1992-ж. Кыргыз-Кытай биргелешкен коммюникесинде бекитилген. Чек ара маселелери б-ча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө пикир келишпестиктер болуп, ал чечилбеген учурда аны жөнгө салуу үчүн дипл. ортомчулук, арбитраждык, эл аралык сотту калыстыкка тартууга эл аралык укуктун жоболору жол берет. Чек араны Д-лоонун негизинде демаркация жүргүзүлөт. Э. Кадыров.