ДЕЛОС СОЮЗУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕЛО́С СОЮЗУ , А ф и н ы л ы к б и р и н ч и д е ӊ и з с о ю з у – Байыркы Грекияда деӊиз жээгиндеги шаарлар м-н Эгей деӊизиндеги арал­дардын союзу, Афинынын гегемониясы м-н б. з. ч. 478/477 – 404-ж. түзүлгөн. Грек-перс со­гуштарынын (500–449) убагында персиялык Ахе­мениддер державасына каршы чогуу күрөшүү үчүн грек полистеринин бирикмеси катары пай­да болгон. Союздун мүчөлөрү Делос а-нда чогу­лушкан. Аны чындыгында афинылыктар баш­карып, согуш иштерине жетекчилик кылган, акчалай жыйымдардын (форостун) өлчөмүн аныктап, аларды бөлүштүргөн. Д. с-нун гүлдөп турган убагында анын курамында 200дөй шаар болгон. 454–453-ж. афинылыктар Д. с-нун ка­зынасын Афиныга алып келишкен. Ушундан кийин Афины өкмөтү казынаны өз билгенин­дей жумшай баштаган. Афины ал түгүл союз­даш шаарлардын ички иштерине да улам чеч­киндүүлүк м-н кийлигишип, өзүнө оӊтойлуу тартип орноткон, афинылык тыйынды бардык союздаштар колдонууга милдеттендирилген. Ошентип Д. с. Афины деӊиз державасына ай­ланган. Бирок Пелопоннес согушунун убагын­да союздаштар Д. с-нан массалык түрдө чыга башташкан. Согушта жеӊилген Афины спарта­лыктардын ж-а алардын союздаштарынын та­лабы м-н 404-ж. Д. с-н жоюуга мажбур болгон.