ДЕЛЬТАПЛАН: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕЛЬТАПЛА́Н (dtlta – грек алфавитинин 4-тамгасы ж-а planum – жалпактык) – моторсуз учуучу аппарат. Анын көрүнүшү гректин ∆ (дельта) тамгасына түспөлдөш болот. Адегенде дөӊсөө жерден гана учат. Тыгыз кездеме (мис., лавсан, дакрон) м-н капталган ичке (30–40 мм) металл түтүкчөлөрдөн түзүлүп, парустун шамал м-н кездешүүсүнөн пайда болгон көтөрүү күчүнүн эсебинен абада кармалып турат. Салм. 16–20 кг. Канаттын астына рулдук башкаруучу трапеция (башкаруу туткасы) м-н асма система (учкучтун орду) орнотулат. Учуу учурунда учкуч – трапеция б-ча солго, оӊго, алдыга же артка ордунан жылып, Д-ды теӊ салмактуулуктан чыгарат. Ошонун натыйжасында анын учуу багыты өзгөрөт. Мотору чакан (10–15 кВт) болгон Д-ды мотодельтаплан деп аташат. Теӊ салмактуулук идеясы немис инж. О. Лилиенталга таандык (1981). Алгачкы Д-ды 1951-ж. амер. Ф. Регало жасаган. Анын констр-сы б-ча бир нече Д. жасалып, абага көтөрүлгөн.