ДЕМ АЛДЫРУУЧУ АППАРАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕМ АЛДЫРУУЧУ АППАРА́Т – өпкөгө газдын (аба, кычкылтек, азот ж. б.) берилишин кам­сыз кылуучу түзүлүш. Ал өпкөнүн канын кыч­кылтекке каныктырып, андан көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Д. a. а. оорунун бетине жабылган беткеп же дем алуу жолуна кирги­зилген түтүк аркылуу дем алуу органына бириктирилет. Аларга АМБУ ж-а РО-5 аппа­раттары кирет. АМБУ аппараты эки жагы кла­пандуу резина же пластмассадан жасалган баш­тыкча түрүндө болот. Бир клапаны сырттагы абаны (кычкылтекти) баштыкчанын ичине өткөрүп, ал оорулуунун дем алуу жолун карай газды кысат, экинчи клапан ачылып, жай дем чыгаруу пайда болот.