ДЕМ АЛУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕМ АЛУУ – жаныбар м-н өсүмдүк организми­не айлана-чөйрөдөн кычкылтекти сиӊирип, зат­алмашуунун акыркы продуктусу болгон көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну камсыз кылуу­чу физиол. процесстердин жыйындысы. Бул процессте организмдин тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Татаал ферменттик процесстерден улам организмде орг. заттар (уг­левод, май, белок) процесси жүрөт да, ал Д. а-нун негизин түзөт. Ж а н ы б а р л а р д ы н Д. а-су. Бир клеткалуу ж-а кээ бир майда жа­ныбарларда кычкылтек м-н көмүр кычкыл газы дененин бүткүл сырткы бети аркылуу өтөт. Та­таал түзүлүштүү организмде кычкылтек тыш­кы чөйрөдөн атайын дем алуу органдары (өпкө, бакалоор) аркылуу канга өтүп, андан тышка көмүр кычкыл газы түрүндө бөлүнүп чыгат (сырт­кы Д.). Сырткы Д. а. адамда ж-а сүт эмүүчүлөрдө көкүрөк клеткасынын көлөмүнүн өзгөрүшү (дем алуу, дем чыгаруу) м-н болот. Анда өпкөнүн аль­веолаларында кычкылтек ж-а көмүр кычкыл газынын парциалдык басымы дайыма сакталат. Адамдын Д. а-су атм. абасы м-н өпкө альвеола абасынын ортосундагы алмашууну, альвеола абасы м-н кандын ортосундагы газ алмашууну, кан аркылуу газдарды ташуу, кан м-н ткандын

ортосундагы газ алмашууну ж-а клеткалык Д. а-нун механизмин камтыйт. Сырткы Д. а-ну сүйрү мээдеги борбору башкарат. Клетка ж-а ткандын кычкылтекти керектеши аларда көмүр кычкыл газынын пайда болушу ткандык Д-нун негизин түзөт. Окистенүү процессинде орг. заттардан суутек бөлүнүп, ткандарга кирген кыч­кылтек м-н кошулат (ткандык Д. а.). Ө с ү м­д ү к т ө р д ү н Д. а-су. Өсүмдүк бардык органы, тканы ж-а клеткасы м-н дем алат. Д. а-нун ыл­дамдыгы бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы м-н сиӊирилген кычкылтек санына карай анык­талат. Д. а. жаш өсүмдүктүн өсүүчү органдары м-н ткандарында күчтүү, репродукция орган­дары м-н жалбыракта активдүү, сабак м-н та­мырда начар өтөт. Жарыкта өсүүчү өсүмдүккө караганда көлөкөдөгүлөрү – начар, бактериялар, көк зеӊкерлер өтө активдүү дем алат. Темп-ра жогорулаган сайын Д. а. күчөйт. Кыштоочу өсүмдүк ткандарында да Д. а. жүрөт, кээ бир физ.-хим. козгоолор (жаралануу, айрым уу зат­тары, наркотиктер) аны ылдамдатат. Кургак урукка караганда нымдалган, көптүрүлгөн, өнө баштаган урукта Д. а. жүз, миӊ эсеге көп. Ак­тивдүү өсүү мезгили бүткөндөн кийин Д. а. жай­ланат, урук, мөмө бышкан мезгилде анын ыл­дамдыгы азаят.

Ад.: Биохимия клеточного дыхания. М., 1960; Курс физиологии растений. 3-е изд., М., 1971.