ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕМ АЛУУ ОРГАНДАРЫ – организм м-н тышкы чөйрөнүн ортосундагы газ алмашуу кызматын аткаруучу органдар. Д. а. о. кычкылтекти атм-дагы абадан эркин же сууда эриген абалда алган жаныбарларда гана болот. Анаэробдордун,

көпчүлүк жөнөкөй аэробдордун (жөнөкөйлөр, былпылдактар, ичеги көӊдөйлүүлөр ж. б-дын) Д. а. о. болбойт, аларда дем алуу териси аркылуу диффузия жолу м-н жүрөт. Д. а. о. түрдүү организмде ар башка түзүлүштө болот. Абадан дем алуучулардын Д. а. о. – өпкө ж-а кекиртек, ал эми суудан дем алуучуларда – бакалоор. Бардык жерде-сууда жашоочулар, канаттуулар, сүтэмүүчүлөр, кээ бир балыктар – өпкөсү, көпчүлүк балыктар, айрым жерде-сууда жашоочулардын личинкасы, үлүлдөр бакалоору м-н дем алышат. Алгачкы Д. а. о. муунак курттарда бакалоор түрүндө пайда болгон. Сууда газ алмашууга бакалоордон башка ктенидия да катышат. Кээ бир балыктарда (кычкылтеги аз баткактуу көлмөдө жашаган) бакалооруна кошумча Д. а. о. өөрчүйт, о. эле арткы ичегинин кээ бир бөлүгү (кээ бир жаян сымалдар) да дем алууга катышат. Адамда Д. а. о. аба өткөрүүчү жолдордон (мурун, коко, кекиртек, бронхтор) ж-а өпкөдөн турат.