ДЕМАРКАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕМАРКА́ЦИЯ (фр. dtmarcation – чек коюу, ажыратуу) – чектеш мамлекеттердин ортосун­дагы келишимдин негизинде мамл. чек аралар­ды аныктоо ж-а өзгөчө чек ара белгилери м-н белгилөө. Д. иштерин жүргүзүүдө 1:50 000 же ири масштабдагы, калк сейрек жайгашкан бө­лүктөрүндө орто масштабдагы карталар колдо­нулат. Д-лык карталарда чек ара сызыгынын орду тагыраак берилип, чек ара чекити м-н бирге чек ара белгилери, мамылардын орду, о. эле алардын геод. ыкмалар аркылуу байланышты­рылып койгон жер бетиндеги туруктуу объекти­леринин орду да көрсөтүлөт. Туруктуу объекти­лер катары тоо чокулары, геод. белгилер, коор­динаталары так аныкталган жерлер кабыл алы­нат. Кийинки мезгилдерде Д-лык документтерге карталар м-н бирге чек ара тилкесинин аэрокос­мостук сүрөтү да тиркелүүдө. Э. Кадыров.