ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ»: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕМОГРАФИЯЛЫК «ЖАРЫЛУУ» – калктын санынын мезгил-мезгили м-н кескин көбөйүүсү. Ал социал.-экон. абалдын жакшыруусуна ж. б. себептерге байланыштуу. Дүйнөнүн калкынын саны 19-к-дын башталышында бир нече жүз млнду гана түзгөн. 1830-ж. 1 млрдга жеткен. 18–19-к-да абал кескин өзгөрүп, калктын саны ылдам өсө баштаган. 1930-ж. 2 млрддан ашып, 1987-ж. 5 млрдды түзгөн. 1960-ж. өсүү темпинин төмөндөгөнүнө (2ден 1,65%ке чейин) карабай, бүгүнкү күндө дүйнө калкы жылына 80 млнго өсүүдө, 21-к-дын аягында өсүш 90 млнго жетиши күтүлүүдө. 20-к-дын 50–60-жылдарында Азиянын, Африканын ж-а Латын Америкасынын өнүгүп жаткан өлкөлөрүндө төрөлүүнүн жогорку темпи (калктын жылдык орт. өсүү темпи 2,2–2,8%) сакталып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүм-житиминин) төмөндөшүнө байланыштуу калктын саны кескин көбөйгөн. Ал өлкөлөрдө дүйнөнүн калкынын 50%тен ашыгы жашагандыктан, алардын калкынын өсүү темпи жер шарындагы калктын санынын өсүүсүнө зор таасирин тийгизип, дүйнөлүк Д. ж-га алып келген; ал эми ал өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү социал.-экон. көйгөйлөр глобалдык мүнөзгө өткөн. Ал эми Батыш Европа, Түн. Америка, о. эле мурдагы СССР аймагында калктын санынын өсүүсү салыштырмалуу төмөн (орто эсеп м-н 0,2–0,8%) болгон. БУУнун маалыма-
ты б-ча калктын саны 20-к-дын аягында 6 млрддан ашып, 2090-ж. (2095-ж.) 10,2 млрдга (12 млрд) жетип, туруктуу өсүү темпине ээ болушу мүмкүн. Мындай темптеги көбөйүү жер шарынын айрым аймактарында табигый экосистемаларга чоӊ басым келтирип, жашоону камсыз кылуучу жаратылыш системаларын бузууга алып келиши ыктымал; тамак-аш каатчылыгы пайда болот. Азыркы учурда БУУнун маалыматы б-ча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 515 млн адам дайыма ачкачылыкта жашоодо. Ошондуктан азык-түлүк каатчылыгын глобалдык деӊгээлде чечүү үчүн демогр., экол., энергетикалык ж. б. факторлорго байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдөгү акыркы 200 жыл ичиндеги төрөлүүнү ж-а өлүм-житимди талдоонун негизинде «жөнөкөй» туруктуулуктун (төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин жогору болушу) «азыркы» туруктуулукка (төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин төмөн болушу) өтүүсүн даана байкоого болот. Бул демогр. өткөөл 4 фазаны камтыйт: 1. Медицина начар өнүккөн абалда: төрөлүү деӊгээли жогору, балдардын өлүмү да жогору; мында калктын саны жай өсөт. 2. Коомчулук оору-сыркоону жөнгө салууну үйрөнөт. Төрөлүү мурдагы калыбында калып, өлүм-житимдин (айрыкча балдардын өлүмүнөн) кыскарышы калктын тез өсүп кетүүсүнө шарт түзгөн. 3. Социалдык ж-а экон. өзгөрүүлөр (материалдык өндүрүштүн өнүгүүсү, калктын турмуш-тиричилигинин жакшырышы, саламаттыкты сактоо деӊгээлинин өнүгүүсү) төрөлүүнүн төмөндөшүнө алып келет. Бул фазанын аягында калктын саны кайра турукташат, анткени балдардын өлүм-житиминин азайышы төмөнкү төрлүүнү толуктап турат. 4. Калктын санынын жаӊы туруктуулугу төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин азайышынан түзүлөт.