ДЕМОКРАТИЯ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕМОКРА́ТИЯ (гр. demos – эл, krftos – бийлик) – эл бийлиги, бийлик элдин колунда болгон саясий түзүлүш, мамлекет формасы. Д-да мамл. бийликтин негизги органдары шайланат, жарандардын теӊ укуктуулугу, чечимдерди кабыл алууда азчылыктын көпчүлүккө баш ийиши камсыз болот. Д-нын тарыхы байыркы батыш цивилизациясынын мезгилинен башталат. Байыркы Афиныда тарыхта биринчи жолу элдик чогулуш, бардык жооптуу кызматтагы адамдардын шайлануу ж-а отчёт берүү принциптери сыяктуу саясий ин-ттар иштелип чыккан. Азыркы Д-нын салттары батыштагы рев-ялардын жүрүшүндө ж-а АКШдагы көз каранды эместик үчүн болгон согуштарда түптөлүп, Д-нын негизги башаты – бардык адамдардын мыйзам алдында теӊдиги ж-а адамдын эркиндигине негиз салынган. Д. төмөндөгүдөй принциптерди камтыйт: адам укугу ж-а аны мамлекеттин укугунан жогору коюу; эркин атаандаштык ж-а базар мамилелериндеги эркиндик, жеке ойго ээ болуу ж-а аны ачык айтуу б-ча азчылыктын укугунун корголушу; башкаруу органдарынын мезгил-мезгили м-н эл алдына иши ж-дө отчёт берип туруу, көпчүлүк колдогон чечимди кабыл алуу; эркиндик, азаттык, теӊдик, теӊчилдик, мыйзамды ж-а адам укуктарын сыйлоочулук, көп түрдүү пикирдүүлүк (плюрализм), калк эгемендиги, жарандардын мамл., адм. башкарууга катышы ж. б. Д-лык коомдо теӊ салмактуулукту кармап турган өз алдынча, бирок бири бири м-н байланыштуу болгон бийликтин үч бутагы түзүлөт. Аларга мыйзам чыгаруучу, аткаруучу ж-а сот бийлиги ыйгарылат. Д-нын негизинде элдин өзүн-өзү башкаруу идеясы ж-а элдик өкүл-
дөрдүн шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги жатат.