ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЦЕНТРАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЦЕНТРАЛИ́ЗМ – партиялардын коомдук-саясий ишмердигиндеги, мамл. бийликти ишке ашыруудагы жетекчи негиздеринин бири – башкаруунун борбордоштурулуп уюшулушу. Анда жетекчи органдардын төмөнтөн жогору шайланышы, алардын өз парт. уюмдарына ж-а жогорку органдарга мезгил-мезгили м-н отчёт берүүсү, азчылыктын уюмдашкан көпчүлүккө баш ийүүсү, жогорку органдардын чечимдеринин төмөнкүлөр үчүн аткарууга сөзсүз милдеттүүлүгү; булардын баары коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын уюмдашуу негиздери, о. эле, тоталитардык мамлекеттердин саясий түзүлүшү болуп келген.