ДЕМОС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕ́МОС (гр. demos – эл) – кеӊири маанисинде Байыркы Грекиядагы толук жарандык укукка ээ эркин эл (метек, периэк, кулдар ж. б. калк­тын укуксуз катмарларынан айырмаланат). Гомердик (б. з. ч. 11–9 к.) ж-а архаикалык (б. з. ч. 8–6-к.) доордо Г. ак сөөктөр евпатрид­дерден айырмаланган жөнөкөй эл массасы. Б. з. ч. 6–5-к-да кыштак эли, о. эле шаар калкы­нын бир бөлүгү (кол өнөрчүлөр, соодагерлер), ал эми б. з. ч. 5-к-дын аягы – 4-к-да нукура ке­дейлер (көбүнчө шаардыктар) Д. деп аталган.