ДЕМПИНГ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕ́МПИНГ (англ. dumring – арзандатуу, түшүрүү) – атаандашты сүрүп чыгаруу‚ рынокту ээлөө максатында жасалма төмөндөтүлгөн баа б-ча товарларды экспорттоо‚ кара ниет атаандаштыктын бир түрү. Д. товардын сапатын жакшыртуу м-н өндүрүш чыгымдарын төмөндөтүүгө негизделген чыныгы атаандаштыкка каршы келет. Эгер төмөнкү баа өндүрүштүн чыгымын азайтууга‚ алдыӊкы техника м-н технологияны пайдаланууга негизделсе‚ ал Д. болуп эсептелбейт. Көп өлкөлөрдүн мыйзамдарында‚ о. эле Европа союзунун (ЕC) документтеринде Д-ге каршы чаралар‚ а. и. Д-ге каршы бажы салыгы каралган.