ДЕНЕ ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕНЕ ТАРБИЯ СИСТЕМАСЫ – тарбиялоонун жалпы системасынын адамдын ден соолугун чыӊдоого ж-а дененин өсүшүнө арналган бөлүгү. Ал дене тарбиянын идеол., ил.-методикалык негиздерин, о. эле дене тарбия иштерин жүргүзүүчү ж-а көзөмөлдөөчү уюмдардын, ишканалардын негизин түзөт. Ар бир экон. формацияда экон. түзүлүшкө ж-а коомдогу башкаруучу таптын идеологиясын чагылдырган дене тарбия системалары түзүлгөн. Спарта дене тарбия системасы б. з. ч. 8 – 9 к-да Спартада (Байыркы Грекия) тарбиялоонун ж-а окутуунун мамл. системасы болуп эсептелет. Анын максаты кул ээлөөчүлүк түзүлүшкө берилген күчтүү, туруктуу, эр жүрөк, кайраттуу, аскерди даярдоо болгон. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында «Спартак» Д. т. с. пайда болгон. Бул системанын авторлору Д. А. Крадман, В. Н. Песков ж-а М. Г. Собецкий чет өлкө системасын колдонуу керек, б. а. спорттун бир түрү м-н көп машыгууга болбойт деп үгүттөшкөн. Сов. Д. т. с. СССРде Октябрь рев-ясынан кийин түзүлүп, эмгекчилерди физ. жактан өсүп-өнүктүрүүгө, дени сак жаш муундарды тарбиялоого чоӊ көӊүл бурган. Окумуштуу А. А. Зикмунддун жетекчилиги астында «Советтик дене тарбия системасы» деген дене тарбия б-ча ил. адистерден турган топ түзүлүп, турмуш ж-а эмгек гигиенасы, табият күчтөрүн колдонуу, эмгек кыймылдары, дене тарбиялык көнүгүүлөр б-ча иш жүргүзүлгөн. Сов. педагог П. Ф. Лесгафттын Д. т. с. көрүнүктүү орунду ээлейт. Ал «Мектеп жашындагы балдар үчүн дене тарбия боюнча жетектөө» деген китебиндеги оюндарды баланы турмушка даярдай турган көнүгүүлөр м-н түшүндүргөн. Оюндар балдардын күчүнө ылайыктуу, туура, акырындык м-н өз учурунда татаалданып, эрежеси бузулбастан туура аткарылышы зарыл ж-а оюнду балдар өздөрү уюштуруп, башкарганда гана натыйжалуу болорун белгилеген. Кырг-нда сов. Д. т. с-нын негиздери сакталып ж-а өнүгүп келет, к. Дене тарбия, Спорт.