ДЕӉГЭЭЛ ӨЛЧӨГҮЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕӉГЭЭЛ ӨЛЧӨГҮЧ – деӊиз, көл, бассейн суусунун, жабык, ачык идиштеги, резервуардагы (казан, бак, ванна) суюктуктун деӊгээлин аныктоочу прибор. Д. ө-түн көп түрү бар: сызыктуу (суюктуктун деӊгээли рейка м-н өлчөнөт), калкыма, гидростатикалык (манометрдин принциби б-ча); электрдик (контакттардын тийиши аркылуу); фотоэлектрдик (фотоэлементке түшүүчү жарыкка негизделген), радиоактивдүү изотоптук (изотоптордун нурланышы б-ча), салмактык (суюктук куюлган идиштин салмагына жараша), иондоштурулган ж. б. Суюктук деӊ- гээлинин көрсөткүчтөрүн алыс аралыкка берүүдө Д. ө. билдиргич же каттоочу курал м-н жабдылат.