ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕӉИЗ АГЫМДАРЫ , о к е а н а г ы м д а-р ы – океан м-н деӊиздерде суунун түрдүү күчтөрдүн (гравитациялык, сүрүлүү, ташкын пайда кылуучу) таасири астында бир тарапты багыттап жылышы. Алар Дүйнөлүк океандын


суу режиминде ж-а деӊизде сүзүүдө мааниси зор: суу алмашып аралашууга, жылуулуктун тара­лышына, материк жээктеринин калыптанышы­на, порттордун акваториясынын тайызданышы­на, калкыма муздардын таралышына, о. эле Жер шарынын айрым бөлүктөрүнүн климаты­на тийгизген таасири зор. Д. а. шамалдын таа­сиринен, суунун тыгыздыгы м-н деӊгээлинин айырмачылыгынан пайда болгон, байкалган мөөнөтү б-ча – туруктуу, убактылуу, мезгил-мез­гили м-н байкалуучу, жылына багытын эки жолу өзгөртүүчү (муссон шамалдарына байла­ныштуу); байкалган орду б-ча – үстүнкү, астын­кы, тереӊдиктеги ж-а түпкү агым; физ.-хим. касиеттери б-ча – жылуу (Гольфстрим, Куросио ж. б.), муздак (Бенгал, Канар ж. б.), бейтарап, туздуу ж-а мала туздуу; кыймылга келүү мүнөзү б-ча – түз сызыктуу, циклондук ж-а антицик­лондук ж. б. агымдарга бөлүнөт. Д. а-нын ба­гытына Жердин өз огунда айлануу күчү (Карио­лис күчү) да таасирин тийгизет; түн. жарым шарда оӊ тарапка, түштүктө сол тарапка ооп агат. О. эле Д. а-на жээк тилкесинин орун алы­шы ж-а суу түбүндөгү рельефтин түзүлүшү да таа­сир этет. Көп учурда Д. а. океандарда жогоруда аталган факторлордун биринен гана эмес, көп­чүлүгүнүн айкалышынан пайда болот.