ДЕӉИЗ КИРПИЛЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕӉИЗ КИРПИЛЕРИ (Echinoidea) – омурткасыз жаныбарлардын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Денеси шар сымал, жалпак же жүрөк сымал. Сырты көптөгөн тикенектүү бири-бири м-н жабышып калган ак таш кабыктуу чопкут м-н капталган. Анда кыймылдуу ийнелери бар.
Чопкуттун диаметри 2–3 ммден 30 смге чейин.
Айрым жыныстуу, жумурткасын сууга чачат. Кээ бирлери тирүүлөй тууйт. Балырлар м-н азык­танат. Океан, деӊиздерде 800 түрү белгилүү. Краб­дарга, балыктарга, күрөк буттууларга, деӊиз ка­наттууларына азык болушат. Кээ бир тайыз сууда жашагандары икрасы үчүн кармалат. Кээ бир тропиктик түрлөрү адам үчүн да коркунуч­туу, алардын ийнелери 25 смге чейин кирип, абдан ооруксунтат.