ДЕӉИЗ КЛИМАТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕӉИЗ КЛИМАТЫ , о к е а н к л и м а т ы – океан, деӊиздердин атм-га тийгизген таасири­нен пайда болгон климат. Ачык океандарга, аралдарга ж-а мелүүн алкактардагы материк­тердин батыш жактарына мүнөздүү. Материк­терге ичкерилеген сайын ал континенттик климатка өтөт. Д. к-нда абанын темп-расы жыл бою, сутка ичинде акырындык м-н аз өзгө­рөт. Жайында абанын нымдуулугу көбөйөт. Жаан-чачын арбын болуп, шамал дайыма деӊиз­ден согот. Атм. циркуляциясы батыштан чыгыш­ка багытталгандыктан, жумшак Д. к. көбүнчө ма­териктин батыш жээктерине мүнөздүү. Ысык- Көл кылаасындагы климат Д. к-на жакын.