ДЕӉИЗ КОЁНЕКТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕӉИЗ КОЁНЕКТЕРИ (Aplysia) – арткы бака­лоорлуу моллюскалар уруусу. Денесинин уз. 40 смге жетет, ачык түстө. Башында 2 жуп тин­түүрүнүн арткысы коёндун кулагына окшош. Капталындагы буттары жогору сүзүүгө жардам берет. Чоӊдорунун раковинасы жука пластин­ка түрүндө болуп, мантия м-н жабышып турат. Мантия көӊдөйүндө аларды бирөө тынчсыздан­дырганда ачык кызыл түстөгү уулуу суюктук­ту бөлүп чыгаруучу бездери бар. Алардын 35ке жакын түрлөрү тропик ж-а субтропик деӊизде­ринде жашайт. Өсүмдүк м-н азыктанат.