ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕӉИЗ ТАШ БАКАЛАРЫ (Cheloniidae) – таш бакалардын түркүмү. Жумурткалоо үчүн гана деӊиз жээгине чыгып, калган мезгилде бүт суу­да жашоочу ири жаныбар. Калканы анча би­йик эмес келип, сүзүүгө ылайыкталган. Кыска мойнундагы башы чопкуттун алдына толук жа­шырылбайт. Буттары калак сымал, алдыӊкы­лары арткысынан узун. Алардын белгилүү 4 уруусунун бирден түрү бар. Ж а ш ы л т а ш б а к а – эӊ чоӊ, калканынын уз. 1,4 м, салм. 400 кгга жетет. Эти даамдуу, жумурткасы та­мак катары пайдаланылат. Д. т. суу тереӊди­гинде жакшы сүзөт, чумкуйт, азык ж-а көбөйүү үчүн ыӊгайлуу жай издеп, 2000 кмге чейин сүзүп барат. Алар 200гө чейин жумуртка тууйт. Де- ӊиз балырлары, моллюскалар, балыктар, рак сыяктуулар ж. б. м-н азыктанат. Саны азаюу­да. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.