ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕӉИЗ ТОЛКУНДАРЫ – кокусунан болуп ту­руучу күчтөрдүн (абанын басымы, шамал, жа­нар тоолордун атылышы, суу астындагы жер титирөө, деӊиз кемелеринин жүрүшү) же Күн ж-а Айдын суу ташкынын пайда кылуучу тар­туу күчүнүн таасири м-н океан, деӊиздердеги суу­нун термелүү кыймылы. Толкундар суу бетинде биринин артынан бири төө өркөч болуп кый­мылдайт. Толкундун эӊ төмөнкү бөлүгү негиз­ги, эӊ жогорку чекити, кыры, кырынан негизи­не чейинки аралык анын бийиктиги, эки тол­кундун ортосу узундугу, ал эми толкундун узун­дугуна барабар аралыкты өтүүгө кеткен убакыт анын мезгили, белгилүү убакыт бирдигинде (сек) өткөн аралык толкундун ылдамдыгы деп аталат. Д. т-нын көлөмү ар түрдүү: кээде анын бийикт. 13–15 м, деӊиз титирегенде 50 м, таралыш ыл­дамдыгы 14–15 м/секга, уз. 400 мге чейин же­тет. Таасир эткен күчтөргө карата толкундар ша­мал, ташкын, сейсмдик, басымдык Д. т.; ээле­ген абалына карай үстүнкү ж-а тереӊдиктеги Д. т.; толкун узундугунун деӊиздин тереӊдиги­не болгон катышы б-ча узун ж-а кыска Д. т.; таасир эткен салыштырма күчтөргө жараша ар­гасыз ж-а эркин Д. т-на бөлүнөт. Формасы ж-а аянты б-ча туура ж-а туура эмес, умтулган ж-а ордунда турган Д. т. болот. Толкундарды изил­дөө атайы куралдардын, приборлордун (море­граф ж. б.) жардамы м-н кемеде, деӊиз жээкте­ринде жүргүзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө толкун­дардын кубатына негизделген электр станция­лары курулган. Дүйнөдө сейши, цунами өӊдүү күчтүү толкундар болот.