ДЕӉИЗ ФЛОРАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕӉИЗ ФЛОРАСЫ , д е ӊ и з ө с ү м д ү к т ө р д ү й н ө с ү –деӊиз же океанда өсүүчү өсүмдүктөр (балырлар, чөптөр, мангр дарактары ж-а бадал­дар, бактериялар ж-а бир аз козу карындар) жыйындысы. Деӊиздин, көбүнчө күн жарыгы жетүүчү 100–400 м тереӊдигине чейин (фотосин­тез жүрө турган) балырлар көп кезигет. Алар­дын микроскоптук түрлөрү суунун бетинде (планктон), ири түрлөрү суунун түбүндө (бен­тос) өсөт. Д. ф-нын тик ж-а горизонталдык та­ралуусу күн радиациясынын көлөмүнө жара­ша болот. Деӊиз же океандын жээкке жакын жеринде Д. ф. климаттык ж-а локалдык фак­торлорго, а. а. биогендүү элементтердин саны­на, суу темп-расына, туздуулугуна ж-а тунук­тугуна, топурактын түзүлүшүнө, жээктин кор­голушуна, тереӊдикке жараша таралат. Ири де- ӊиз балырлары (жашыл, күрөӊ, кызыл) – мак­рофиттер деӊиздин салыштырмалуу жээкке жакын ичке тилкесинен орун алып, деӊиздин ташкындоо, тартылуу аймагындагысы л и т о­р а л д а р, ал эми суу жайпаган жердегиси с у п р а л и т о р а л д а р деп аталат. Макро­фиттер ламинарий ж-а фукус балырларынан (алария, эклания, саргасстар ж. б.) турган суу алды токойлорду пайда кылат. Бир ж-а көп клеткалуу деӊиз балырлары сыртынан татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдү элестетип өсөт. Балыр­лар, демейде, суу түбүнө ризоиддери м-н бекип, чанда кумдуу ж-а баткактуу деӊиз түбүндө кал­кып өсөт. Балырлар деӊиз түбүндөгү орг. заттар­дын негизги жараткычы, алар жылына 1011 т

орг. зат пайда кылат. Ири балырлардын ара­сында көптөгөн омурткасыздар ж-а балыктар (айрыкча алардын тукуму) жашайт, алар м-н азыктанат. Суудагы тиричилик жалпысынан ба­лырларга байланыштуу. Алар деӊиз суусунда­гы өтө аз айрым микроэлементтерди өзүнө топ­тойт. Д. ф-на татаал өсүмдүктөрдөн негизинен рдесттер ж-а водокрастар тукумунун өкүлдөрү мүнөздүү. Чөп өсүмдүктөрү (50дөй түрү) негизи­нен 100 м суу түбүндө кадимкидей шалбааны пайда кылат. Айрыкча зостера, посейдония, талассия ж. б. кезигет. Дүйнөлүк океандагы Д. ф-нан жылына болжол м-н 550 млрд т га жеткен азык ж-а тех. продукция алынат. Алар медицинада, тамак-аш, текстиль, тери иштетүү ж-а нефть иштетүү ө. ж-нда колдонулат.