ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы

ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ – деӊиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо­тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агы­мы, шамал, жээктердеги суу толкуну м-н сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, хим. жол м-н пайда болгон минералдардан ж-а суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Д. ч-ндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоотектердин талкаланып үбөлө­нүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин ске­лет ж-а кабык калдыктарынан) ж-а хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же де- ӊиз түбүндө жүргөн хим. процесстерден) жолдо­ру м-н пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль ж-а абиссаль чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Мех. курамы б-ча Д. ч. кум, ылайлуу кум, алевролит ж-а ылайлардан турат. Д. ч. диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кырг-нда байыркы Д. ч. геол. мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезо­зой ж-а кайнозой замандарынан башка) кеӊи­ри таралган. Алар м-н Теӊир тоонун темир, мар­ганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть ж-а газдын кендери байланыштуу.

Ад.: Страхов Н. М. Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; Швецов М. С. Петрография оса­дочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; Крашенинни­ков Г. Ф. Учение о фациях. М., 1971.