ДЕПРЕССИЯ (медицинада): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕПРЕ́ССИЯ (лат. depressio – төмөндөө, чөгүү, басылгандык) м е д и ц и н а д а – адамдын психикалык абалынын начарлашы ж-а кыймыл-аракетинин бузулушу м-н мүнөздөлгөн оору. Д-да көӊүл кош, маанайы пас болуп, тамак сиӊирүү начарлайт, уйку качат. Ал мээнин ж-а кан тамырдын бузулушунда, аракечтикте, баӊгиликте, климакс учурунда, айрым жугуштуу оорулардан кийин да болот. Өтүшүп кеткенде жашоого кызыкчылык жоголот, көӊүл чөгүп, жашоодон кечет. Оорулуу эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготот, үй-бүлөгө кайдыгер мамиле жасайт; чаржайыт, жай ойлонот. Оорулууда жүрөк өйүгөн, зээнди кейиткен, жагымсыз сезим пайда болот. Жеӊил Д-да ички органдардын функциясы бузулат, ишке жөндөмдүүлүгү начарлайт, уйку качат. Кээде көӊүлү чөгөт, ачууланат, кыжырланат. Көп учурда картаюу алдындагы психоздун ж-а шизофрениянын, о. эле маниядепрессиялык психоздун белгилери болот. Дарылоо психиатриялык ооруканаларда жүргүзүлөт. Амбулаториялык дарылоодо дары ж-а
тамак-ашты врачтын көрсөтмөсү м-н гана ичүү керек. Дарылануу мезгилинде ичкилик ичүүгө такыр болбойт, андан жүрөк-кан тамыр системасынын иши бузулуп, коллапс болушу ыктымал.