ДЕРКЕМБАЕВА: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 -деги абалы
ДЕРКЕМБАЕВА Ирина Григорьевна (25. 12. 1927-ж. т., РСФСР, Иркутск обл., Нукут р-ну, Үӊкүрлүк улусу) – опера ырчысы (сопрано), Бурят АССР (1958), Кыргыз ССР эл арт. (1967).

Москва консерваториясынын ырдоо ф-тин бүтүргөн (1952). 1942–44-ж. Улан-Удэде балерина, 1952-жылдан Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрынын солисткасы, 1975-жылдан КМИИде, 1978- жылдан Кыргыз улуттук консерваториясында, 2006- жылдан, Кыргыз опера ж-а балет театрынын хор студиясында ырдоо адистиги б-ча сабак берет. Микаэла (Ж. Бизе, «Кармен»), Маргарита (Ш. Гуно, «Фауст»), Ольга (А. Даргомыжский, «Суу периси»), Маженкин (Б. Сметана, «Сатылган колукту»), Оксана (П. Чайковский, «Черевички») ж. б. партияларды кыргыз сахнасында ырдаган. Улуттук операларда Айчүрөк, Калыйман, Канайым, Тотуя, Валентинанын (Власов, Малдыбаев, Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Токтогул»), Апалдын (Абдраев, «Жаш жүрөктөр»), Сонундун (Аманбаев, «Бойдоктор») партиясын ырдаган. Анын репертуарында кыргыз, орус, бурят, украин эл ырлары, композиторлордун вокалдык чыгармалары бар. Жеке концерт м-н КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында жа Индия, Индонезия, ГДР, Польша, Монголия

ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Канадада өткөн «ЭКСПО-67» эл аралык көргөзмөсүнө катышкан. Д. жаштардын ж-а студенттердин Берлинде өткөн бүткүл дүйнөлүк фестивалынын (1951), ырчылардын Москвада өткөн бүткүл союздук конкурсунун (1956) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу, Данакер ордендери м-н сыйланган.